Атамбаев Алмазбек Шаршенович

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргызстандын президенти (2011—2017), Кыргызстандын премьер-министри (2007, 2010—2011) From Wikipedia, the free encyclopedia

Атамбаев Алмазбек Шаршенович
Remove ads

Алмазбек Шаршенович Атамбаев — Кыргыз Республикасынын саясий жана мамлекеттик ишмери (17-сентябрь 1956-жылы). 1999-жылдын теке айынын 30дан 2011-жылдын Аяк Оонанын 30на чейин Кыргызстандын социал-демократтиялык партиясын жетектеп келген. 2007-жылдын Жалган курандын 29нан 2007-жылдын Жетинин айынын 28не чейин жана 2010-жылдын Бештин айынын 17нен 2010-жылдын Бештин айынын 1не чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министрилигин аркалаган. 2011-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 25-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын президенти.

Ыкчам фактылар Андан мурунку:, Андан кийинки: ...
Remove ads

Өмүр баяны

Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 1956-жылы 17-сентябрда туулган.

1980-жылы Москва шаарындагы Башкаруу институтун (азыркы Орусия Башкаруу академиясы) бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруучу.
Эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз ССРинин байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган.
1981–1983-жж. ДУ-4түн башкы инженери,
1987-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунда жооптуу кызматтарда эмгектенген.
1987–1989-жж. Фрунзе шаарындагы эл депутаттарынын Биринчи май райондук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орунбасары болгон.
1989-жылдан баштап «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасын уюштуруп, жетектей баштаган.
1977–1999-жж. «Кыргызавтомаш» АКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
1999-жылдан Бишкек шаарындагы бир нече ири заводдордун, алардын базасында уюшулган биргелешкен ишканалардын башын кошкон «Форум» (2004-жылдан баштап «Кыргызавтомаш» корпорациясы) өндүрүштүк тобунун директорлор кеңешинин төрагалыгына шайланган. Бир эле учурда «Кыргызавтомаш» АКсынын, «КТИ Агромаш» АКсынын директорлор кеңешин жетектеген.
1995–2000-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган.
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Президенттикке талапкер катары катышкан.
2005-жылдын сентябрынан 2006-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри болгон.
2007-жылдын мартынан 2007-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенген.
2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенген.
2011-жылдын биринчи декабрынан Кыргыз Республикасынын Президенти.
2014-жылы «зонтиктер революциясы» болуп өткөн. Борбордук өкмөттүн Гонконгдогу шайлоо системинин өзгөртүүсүнө нааразы болгон жергиликтүү эл бийликке каршы чыгышкан.
1983-жылдан СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, 1991-жылы Кыргыз жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы болуп шайланган. Коомдук башталышта ушул кезге чейин Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондусунун төрагасы болуп саналат.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы.
Республикабыздын өнөржай өндүрүшүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 1999-жылы «Даңк» медалы, 2007-жылы «Данакер» ордени менен сыйланган.
2011-жылы 30-октябрда болгон Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосунда, президенттикке койгон талапкерлердин арасынан эн биринчи орунду алды.

Remove ads

Аудиографиясы

  • "Нелепые слова"
  • "Судьбе назло"
  • "Я не могу без тебя жить"
  • "Мне не страшно умирать"
  • "Кыргызстаным"
  • "Энекем"

Китептери

  • Балалыктын сыйкырдуу бакчалары

Котормолору

  • Отунчиев Э. Алтын казык. – М.: Сов. писатель, 1982.
  • Джакыпбеков А. Айдагы жезкемпир Повесть. – Ф.: Мектеп, 1985. – 80 б.
  • Акматов К. Аңкоо каз: Басни – Ф.: Мектеп, 1987. – 16 б.
  • Cыдыкбеков Т. Чаар тоок – Ф.: Мектеп, 1987. – 28 б.

Сүйлөгөн сөздөрү

  • Улуу Түрк Каганатын кура албасак да, биз күчтүү боордош түрк мамлекеттеринин биримдигин түзүшүбүз керек (Түркиянын Парламентинде).

Булактар

Шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads