Жээнбеков Сооронбай Шарипович

кыргызстандык саясатчы, Кыргыз Республикасынын президенти (2017—2020), Кыргыз Республикасынын премьер-министри (2016—2017) From Wikipedia, the free encyclopedia

Жээнбеков Сооронбай Шарипович
Remove ads

Жээнбеков Сооронбай Шарипович (16-ноябрь 1958-жыл, Кара-Кулжа айылы, Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти (2017-2020), Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри (2016-2017), Жогорку Кеңештин I, II, III, IV чакрылыштарынын депутаты (1995-2007), мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Ыкчам фактылар Өкмөт башчысы:, Андан мурунку: ...
Remove ads

Өмүр баяны

1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.

Билими:

К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн, адистиги – зооинженер, экономист.

Эмгек жолу:

  • 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим
  • 1977-жылдын июнь айынан 1983-жылдын ноябрь айына чейин – К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда студент
  • 1983-жылдын ноябрынан 1988-жылдын ноябрь айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник
  • 1988-жылдын ноябрынан 1989-жылдын август айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору
  • 1989-жылдын августунан 1993-жылдын сентябрына чейин – Ош облусунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы, директору
  • 1993-жылдын сентябрынан 1995-жылдын май айына чейин – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол колхозунун башкармасы, башкармалык төрагасы
  • 1995-жылдын май айынан 2000-жылдын апрель айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы
  • 2000-жылдын апрель айынан 2005-жылдын мартына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары
  • 2005-жылдын март айынан 2006-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агроөнөржай комплекси жана экология боюнча комитети, депутат, төрага
  • 2006-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын май айына чейин — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат боюнча комитети, төрагасы
  • 2007-жылдын май айынан декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри
  • 2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрель айына чейин – жеке ишкер
  • 2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын август айына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернаторунун милдетин аткаруучу
  • 2012-жылдын август айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
  • 2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдын март айына чейин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору
  • 2016-жылдын 23-мартынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары
  • 2016-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
  • 2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алып, отставкага кетүү тууралуу арыз берген.
  • 2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришти.
Remove ads

Сыйлыктары

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads