Афарлар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Афарлар
Remove ads

Афарлар (араб. данакиль, амхара адало) — Чыгыш Африкадагы жарым көчмөн кушит эли.

Thumb
Улуттук кийимчен афар эркектери, 1888.
Ыкчам фактылар Мамлекеттер жана аймактар, Тили ...

Жашаган өлкөлөр:

Көпчүлүк Данакиль чөлдүү аймакты мекендейт.
Афарлардын курамына кирген арабдардын, сомалилердин жана башка элдердин тукумдары уруулук топторду түзүшөт.

Remove ads

Тил

Афар тилинде сүйлөшөт. Андан тышкары араб жана амхара тилдери кеңири таралган.

Дин

Көпчүлүк мусулмандар (сүннөттөр жана суфилер). Бир аз христиандар (лютерандар, католиктер, меннониттер) да бар. Ошондой эле, илгерки салтуу ишенимдерден рухтарга сыйынуу менен байланышкан жөрөлгөлөр жана үрп-адаттар сакталып калган.

Тарых

Афарлар жөнүндө алгачкы эскерүүлөр 13-кылымга туура келет (араб жазма булактарында). 10-кылымда Аравиядан келген араб соодагерлеринен ислам динин кабыл алышкан. Кийинчерээк афарлар аймактын башка элдери менен бирге бир катар феодалдык султанаттарды (Ауса, Адал, Таджура, Рахейта) түзүшкөн, алар 19-кылымда Эфиопия империясынын курамына кирип, ошол эле 19-кылымдын аягында жарым-жартылай Италия жана Франция басып алышкан.
Афарлар эки негизги каста-уруу топторуна бөлүнөт: асыл тектүүлөр (асаймара, “кызыл”) жана көп сандаган эркин жамаат мүчөлөрү (адоймара, “ак”). Афар султанаттардын саясий системасында кош бөлүнүүнүн (эки династиянын башкаруусу, кош ырым-жырым ж. б.) издери сакталган.

Чарбалык иштер

Негизи малчылык менен алектенишет. Чөлдүн көчмөндөрү төө багышат. Тоо этектеринде жашагандар ири жана майда мүйүздүү мал багышат.
Дыйканчылык Ауса оазисинде өнүккөн.
Деңиз жээгинде балык уулоо жана туз өндүрүү (буулантуу) өнүккөн.

Турак жай

Көчмөндөр жарым-жартылай чатырлар менен жабылган үңкүрлөр менен гроттордо жашашат, дыйкандар жана балыкчылар пальма жалбырактары менен жабылган мамы жана бутактардан жасалган каркасы бар тегерек алачыктарда жашашат.

Кийим

Эркектердин жана аялдардын кийими — белге байланган кездеме, көйнөк, плащ.

Маданият

Элдик оозеки чыгармалар (ырлар, уламыштар, айтыштар) сакталган. Деңиз рухуна курмандык чалуу (Таджурада), тоо рухтарына сыйынуу (уруулардын ата-бабалары болуп эсептелет) ж.б.

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads