Эфиопия

From Wikipedia, the free encyclopedia

Эфиопия
Remove ads

Эфиопия (амхар ኢትዮጵያ), расмий түрдө ― Эфиопия Федеративдик Республикасы (амхар የኢትዮጵያ ፌዴራላዊ ዲሞክራሲያዊ ሪፐብሊክ), мурда Абиссиния деген аталышта белгилүү болгон  — Чыгыш Африкадагы мамлекет.

Ыкчам фактылар

Аянты ― 1,104,300 км2[3]. Борбору ― Адис-Абеба шаары[3].

Өлкө түндүгүнөн Эритрея, чыгышынан Жибути жана Сомали, түштүгүнөн Кения, батышынан Судан жана Түштүк Судан менен чектешет.

Remove ads

Этимологиясы

«Эфиопия» аталышы байыркы замандардан бери колдонулуп келет жана анын келип чыгышы тууралуу бир нече божомолдор бар[4][5].

Көпчүлүк изилдөөчүлөр бул аталышты байыркы грек тилинен алынган «Αἰθιοπία» (Aithiopia) деген сөз менен байланыштырышат. Грек тилинде «αἴθω» (aitho) – «күйгүзөм», ал эми «ὄψ» (ops) – «бет», «жүз» дегенди билдирет. Ошондуктан, «Aithiopia» сөзү «күнгө күйгөн жүздүү адамдардын жери» деген маанини туюндурат жана бул аталыш Африка калкынын кара түстүү териси менен байланыштуу болушу мүмкүн[6][7].

Дагы бир божомол боюнча, «Эфиопия» термини байыркы Мисир жана Нубия цивилизацияларына байланыштуу болушу мүмкүн. Кээ бир тарыхчылар бул сөз мисир тилиндеги «itb» (б.а. «белгилүү тоолор» же «бийик тоолор«) термининен келип чыккан деп божомолдошот[7].

Ошондой эле, эфиопиялык уламыштарда өлкөнүн аты семит тилдеринде «Эфиопия» же «Хабеш» (арабча «الحبشة» – «Хабаша«) деп да аталып жүргөн деп санадат. «Хабеша» термини азыркы Эфиопия жана Эритреянын байыркы тургундарына таандык болгон этносторду билдирген[8][7].

Эфиопия аталышы расмий түрдө IV кылымда Аксум падышалыгынын доорунда колдонулуп баштаган жана кийинчерээк өлкөнүн расмий аталышы катары сакталып калган[7].

Remove ads

Географиясы

Thumb
Лалибэла
Thumb
Эфиопиянын тоолу аймактары
Thumb
Түндүк Эфиопия
Thumb
Эфиопиянын климаттынын Көппен классификациясы боюнча картасы

Эфиопиянын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Эфиопия тоо кыркалары ээлейт, алар өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө чейин созулат. Эң бийик чекити – Рас-Дашен тоосу, анын бийиктиги 4620 метрге жетет. Тоо кыркаларынын чыгыш тарабы Афар ойдуңуна кескин түшөт, бул аймак Африканын эң төмөнкү чекиттеринин бири болуп эсептелет. Батыш бөлүгүндө рельеф жумшагыраак болуп, Судан чек арасына карай тепкич сымал төмөндөйт. Чыгыш тарабында кеңири түздүктөр жайгашкан, алардын кээ бир жерлери 1000 метрден жогору платолорго өтөт[9].

Өлкөнүн батышындагы дарыялардын көбү Нил дарыясынын бассейнине кирет, алардын эң ириси – Аббай же Көк Нил. Бул аймакта Эфиопиянын эң ири көлү – Тана жайгашкан. Чыгыш бөлүгүндө дарыялар азыраак жана аймактын кургакчыл климатына байланыштуу алардын суусу азыраак келе . Эң ири дарыялардын бири – Жубба. Ошондой эле, өлкөнүн аймагында Улуу Рифт өрөөнүндө жайгашкан бир нече чакан көлдөр бар. Эфиопиянын түздөн-түз деңизге чыккан жолу жок[3].

Эфиопия ар түрдүү табигый ресурстарга бай, анын ичинде алтын, платина, жез, калай жана калий туздары бар. Ошондой эле, өлкө гидроэнергетикалык потенциалы менен белгилүү, көптөгөн дарыяларында ГЭСтер курулган же азыркы учурда курулууда[10].

Эфиопияда кургакчылык жана жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктар каталып турат. Өлкөнүн айрым аймактарында жанар тоолук активдүүлүктү байкаса болот[11].

Токойлордун кыйылышы, топурактын эрозиясы жана чөлдөшүү Эфиопиянын негизги экологиялык көйгөйлөрүнүн катарына кирет. Калктын өсүшү жана айыл чарба иштеринин кеңейиши бул маселелерди ого бетер курчутууда. Эфиопиянын географиясы анын тарыхына, маданиятына жана экономикасына чоң таасир этет. Өлкөнүн тоолуу рельефи жана гидрографиялык өзгөчөлүктөрү анын өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт.

Климаты

Эфиопиянын климаты ар түрдүү жана өлкөнүн аймактарынын географиялык жайгашуусуна, рельефине жараша өзгөрүлүп турат. Негизинен тропикалык-муссондук климат өкүм сүрөт, бирок бийиктигине жана аймактык өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кандай климаттык шарттар байкалат. Өлкөнүн борбордук жана түндүк тоолуу аймактарында жылдын көп бөлүгүндө мелүүн климат өкүм сүрүп, орточо аба температурасы 15°C жана 25°C ортосунда. Тоолордо түнкүсүн суук болуп, температура 0°C чейин төмөндөшү мүмкүн[11].

Түштүк жана чыгыш түздүктөрүндө климат ысык жана кургакчыл болуп, жай айларында аба температурасы 30-40°C чейин жетет. Кээ бир чөлдүү аймактарда, айрыкча Данакилде айрым учурларда аба температурасы 50°C ашкан учурлар да болгон. Жаан-чачындын таралышы өлкөнүн аймактарына жараша чоң айырмачылыктарга ээ. Батыш жана тоолуу аймактарда жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1200-2000 мм жетиши мүмкүн, ал эми чыгыштагы жана түндүк-чыгыштагы кургакчыл райондордо жылына 200 ммден аз жаан жаайт.

Эфиопияда негизинен эки негизги мезгилди байкаса болот: кургакчыл жана жаанчыл мезгилдер. Жаанчыл мезгил негизинен июндан сентябрга чейин созулат, бул мезгилде нөшөрлүү жаан-чачын жаап, дыйканчылык үчүн маанилүү шарттарды түзөт. Кургакчыл мезгил октябрдан майга чейин созулуп, жаан-чачын дээрлик болбойт, өзгөчө түштүк-чыгыш жана чыгыш чөлдүү аймактарында[10].

Эфиопиянын климаттык шарты өлкөнүн айыл чарбасына, мал чарбачылыгына жана суу ресурстарына чоң таасирин тийгизет. Кургакчыл мезгилдерде суунун жетишсиздиги жана жайыттардын аянтынын азайышы мал чарбачылыгына кыйынчылыктарды жаратат. Ошондой эле, климаттын өзгөрүшү жаан-чачындын туруктуулугуна таасирин тийгизип, кээ бир жылдары катуу кургакчылыкты алып келет[11].

Remove ads

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads