Ныязалы Борош уулу
Кыргыз элине белгилүү комузчу, автор жана аткаруучу, айтым күүлөрүнүн устаты, элдик күүлөрдүн чебери. From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Ниязаалы Борош уулу (Борошев) (1856—1941) — Кыргыздардын эл арасындагы белгилүү комузчу, автор жана аткаруучу, айтым күүлөрүнүн устаты, элдик күүлөрдүн чебери.
Remove ads
Өмүр баяны
Ныязалы Борош уулу 1856-жылы азыркы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Ниязаалы залкар комузчу жана аткаруучу. Анын башкалардан өзгөчөлүгү, комузда кол ойнотуп, күү арасында ыр кошуп куудулданып аткарган. Андыктан ал, атайым күүлөрдүн негиз салуучусу болуп эсептелет. 15 жашынан комуз черткенди үйрөнүп, ошондо эле татаал күүлөдү черте баштаган. Анын ичинде "Кет Бука", "Тайчыдан тайчы" ж.б. Бара бара ал чебер устат болуп өз мезгилинин кесипкөй комузчуларынын чөйрөсүнө кошулган. Алар оозеки көркөм чыгармачылыктын ар кандай жанрларында багыт алып калган таланттуу инсандар Жеңижок, Эшмамабет, Жаныбай, Айдараалы ж.б. болгон. Ошондой эле Ныязалыдан Коргоол, Шекербек жана башка эл шайырлары таалим алган. Токтогул Сатылганов устаты болгон. Ныязалынын чыгармачылыгы айрыкча советтик доордо өнүккөн. Ныязалынын «Арсар күү» аттуу айтылуу күүсүнүн негизинде музыканттар Б. Кулболдиев менен Н. Р. Миронович «Концертино» жазышкан. Фрунзеде өткөрүлгөн эл чыгармачылыгынын республикалык биринчи (1936) жана экинчи (1937) олимпиадаларында биринчиликти жеңип алган. 1991-жылдан Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы анын ысмын алган.
Ниязаалы эл арасында жүргөндө макалалдаштырып сүйлөгөн көп сөздөрү:
- Уста менен дос болсоң, өнөр кезээрсин.
- Ууру менен дос болсоң, бир балээге каларсың.
- Ырчы менен жүрсөң ырын аларсың.
- Күүнүн жайын көкүрөгү бар адам түшүнөт.
Remove ads
Күүлөрү
- «Кара өзгөй»
- «Арсар күү»
- «Кер толгоо»
- «Сары Барпы»
- «Короо күзөтүү»
- «Өттү кетти балалык»
- Мырза кербез
- Ниязаалынын камбаркан
Колдонулган адабият
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
- Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads