Вату
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Вату (белгиси: VUV; коду: 5480) — Вануатунун улуттук валютасы[1]. Башка валюталардын көпчүлүгүнөн айырмаланып, бөлчөк (алмашуу) бирдиги жок.
Бислама тилинен которгондо «таш» дегенди билдирет. Бул сөз мамлекеттин аталышы окшош болгондугуна байланыштуу, улуттук валютанын аталышы катары тандалган болушу мүмкүн деген божомолдор бар[2].
Remove ads
Тарыхы
1980-жылы англиянын жана франциянын Жаңы Гебриддер кондоминиуму көз карандысыз Вануату мамлекети болуп түзүлгөн. 1980-жылы 16-декабрда Вануатунун каржы министри акча реформасынын башталышын жарыялаган жана бул реформанын натыйжасында 1981-жылдын 1-январында Жаңы Гебрид франкынын аталышы вату деп өзгөртүлгөн.
1981-жылдын февралында жаңы улуттук валютанын дизайнын иштеп чыгуу башталган, жаңы жаралган акча бирдиги Вануатунун аймагында Жаңы Гебрид франкы менен австралия долларынын ордун толугу менен ээлеп, расмий валютага айланышы керек эле. Ватуну басып чыгарууну 1875-жылы Парижде негизделген Индокытай банкы жүргүзгөн.
Жаңы валюта 1982-жылдын 22-мартында жүгүртүүгө чыгарылган жана 1983-жылдын 1-апрелинен тартып Жаңы Гебрид франкы менен австралия доллары Вануатунун аймагында мыйзамдуу төлөм каражаттары макамын толугу менен жоготушкан[3].
Remove ads
Монеталар
5, 10, 20, 50 жана 100 вату номиналындагы монеталар жүгүртүүдө. 2011-жылдан бери резервдик банк тарабынан 1 жана 2 вату номиналындагы монеталар чыгарылбайт, бирок калктын колундагы ушул номиналдагы монеталар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда. Соода-сатыкта баалар 5 ватуга чейин тегеректелет[4].
Remove ads
Банкноттор
1982-жылы Вануатунун резервдик банкы тарабынан алгач 100 (1999-жылдан бери бул номиналдагы банкноттор басылып чыкпайт жана ушул номиналдагы монета менен алмаштырылган)[6], 500 жана 1 000 вату номиналындагы банкноттор чыгарылган. 1989-жылы жаңы 5 000 вату банкноту чыгарылган, 1993-жылдан баштап резервдик банк акча чыгаруу иштерин озуно толугу менен алган жана жаңы сериядагы 500 жана 1000 вату банкнотторун чыгарган. 200 вату банкноту 1995-жылы жүгүртүүгө чыгарылган.
Remove ads
Альтернативдүү валюта
Вануатудагы көптөгөн коомчулуктардын салттуу баалуу буюмдары жана ээликтери болгон чочколор, карышкырлардын тиштери ж.б. заттар сатып алууда же сатууда атайын каражат катара колдонулушу улантышууда. Улуттук уруу башчылар кеңеши мындай көрүнүштөрдү колдобостугун жана каршы экенин дайыма билдирип келет.
Вануатудагы Пентекост аралында жайгашкан Танбуния банкы толугу менен карышкырдын тиштеринин наркына барабар болгон валютанын бирдиги болгон ливату менен эсептерди жана трансферттерди сунуштайт.
Remove ads
Алмаштыруу курсунун режими
Google Finance (.../VUV): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Yahoo! Finance (.../VUV): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
XE.com (.../VUV): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
OANDA.com (.../VUV): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads