Австралия доллары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Австралия доллары (белгиси: $; коду: AUD) — Австралия Бирлигинин акча бирдиги, Рождество аралы, Кокос аралдары жана Норфолк аралы, ошондой эле Тынч океанында жайгашкан, көзкарандысыз Кирибати, Науру жана Тувалу мамлекеттеринин да расмий акча бирдиги болуп саналат[1][2][3]. 100 центке бөлүнөт.
Адатта доллар ($) белгиси менен кыскартылып белгиленет, бирок A$, $A, AU$ жана $AU сыяктуу белгилөөнүн башка варианттары бар.
Австралия доллары — дүйнөлүк соода-сатык операцияларында эң көп колдонулган валюталардын арасында алтынчы орунда турат.
1988-жылдан бери банкнотторду жасоо үчүн кагаздын ордуна, атайын жука пластик колдонулат.
Remove ads
Тарыхы
Австралиянын доллары 1966-жылдын 14-февралында жүгүртүүгө киргизилген жана ушул убакытка чейин колдонулуп келген австралиялык фунттун алмаштырган[4].
Башында алмаштыруу курсу 1 австралия фунту 2 австралия доллларына барабар болгон[4].
Жаңы улуттук валютаны киргизүү иш-чаралары 1960-жылы Австралиянын резервдик банкы тарабынан башталган. Көп убакыт аралыгында өлкөдө жаңы акча бирдигин даярдоо жана дизайнын иштеп чыгуу аракеттери жүргүзүлгөн. Бул убакыттын ичинде валютанын аталышы боюнча миңдеген сунуштар айтылган. 1965-жылы Австралиянын премьер-министри Роберт Мензис «the royal» деген аталышты сунуш кылган. Бирок, ал калктын колдоосуна ээ болгон эмес, ошондуктан валюта доллар деп аталып калган[4]. Трейдерлердин арасында австралиялык долларды «оззи» (aussie) деген каймана ат менен атоо кеңири таралган[5].
1988-жылы биринчи полимерден жасалган банкнот жүгүртүүгө чыгарылган[6].
Remove ads
Монеталар
1966-жылы 1, 2, 5, 10, 20 жана 50 центтик монеталар жүгүртүүгө киргизилген. Бир долларлык монета 1984-жылы, ал эми эки долларлык монета 1988-жылы жүгүртүүгө чыгарылган[7].
1 жана 2 центтик монеталар 1991-жылы, 1 долларлык купюра 1984-жылы жана 2 долларык купюра 1988-жылы жүгүртүүдөн чыгарылган. Накталай эсептешүүлөр сумманы тегеректөөнүн стандарттык эрежелери боюнча жүргүзүлөт, 5 центке чейин тегеректелет.
Бардык австралия долларынын монеталарынын алдыңкы бетинде (аверс) Елизавета II сүрөтү түшүрүлгөн жана Австралиянын Королдук Зээрканасы тарабынан чыгарылат (англ. Royal Australian Mint). Елизавета II каза болгондон кийин чыгарылган монеталарга Чарльз III сүрөтү түшүрүлө баштады[8][9].
Remove ads
Банкноттор
2016-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноталар
Учурдагы абалы
Курсту аныктоодо ага ылайык рыноктогу суроо-талап жана сунуштун негизинде жүргөн өзгөрүлмө валюта курсу колдонулат. Акча саясатынын натыйжалуулугун критерийи болуп инфляцияны көрсөткүчтөрү саналат.
Google Finance (.../{{{1}}}): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Yahoo! Finance (.../{{{1}}}): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
XE.com (.../{{{1}}}): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
OANDA.com (.../{{{1}}}): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Remove ads
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads