Воркута
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Воркута (нен. Варкута, коми Вӧркута) — Орусиянын Коми Республикасындагы шаар.
Географиялык жактан Европанын эң чыгышкы шаары жана Орусия Федерациясынын эң түндүккү шаарларынын бири болуп саналат[1].
Remove ads
Этимология
Шаардын Воркута аталышы ненец тилиндеги аталыштан келип чыккан жана «аюларга бай» деп которулат (варкута) – «варк» деген сөз «аю» деген маанини билдирет[2].
Орус тилиндеги «Варкута» аталышы «Воркута» болуп өзгөрүшүнүн эки себеби бар[3]:
- Биринчиси, орус тилиндеги гиперкоррекциянын таасиринен улам «а» тамгасы «о» тамгасына алмашкан.
- Экинчиси, аталыш коми тилинин таасири астында, себеби коми тилинде шаар аты «Вөркута» деп айтылат, ал эми «ө» тамгасы орус тилинде «о», «ы» жана «э» тамгалары менен берилет.
Шаардын тургундарын воркутяндар, воркутянин, воркутянка, воркуталыктар, воркуталык деп атап коюшат.
Remove ads
География
Климат
Воркута Полярдык аймакта жайгашкандыктан, климаты арктикалык. Орточо жылдык температура -6°C чамасында. Кыш узакка созулат, ал эми жай кыска жана салкын болот. Бул шарттар шаар жашоосуна жана транспорттук инфраструктурага таасирин тийгизет.
Калк
2024-жылы Воркутанын калкы 70,551 адамды түзөт[4]. Калк негизинен орус улутунан (65,1%), андан кийин коми (23,7%) жана башка улуттардан турат[5]. Гендердик түзүлүштө эркектер 43,7%, аялдар 56,3% түзөт. Калкы боюнча Орусияда 227-орунда турган шаар.
Пенсионерлер шаар калкынын 29 % түзөт.
Экономика
Воркутанын экономикасы негизинен көмүр казып алуу менен байланыштуу. Воркута Печорск көмүр бассейнинин бир бөлүгү болуп саналат, ал эми жергиликтүү шахталар көп жылдан бери шаарды өнүктүрүп келген негизги тармактардын бири болгон. Бирок акыркы жылдары айрым шахталар жабылып, бул жумушсуздукка таасир этүүдө. Шаардын ишке орношуу деңгээли 59,6% түзүп, жумушсуздук деңгээли 5,8%га жетет.
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads