Убакыт алкагы

From Wikipedia, the free encyclopedia

Убакыт алкагы
Remove ads

Убакыт алкагынын эки негизги түшүнүгү бар:

  • Географиялык убакыт алканы — жер бетинин туурасы 15°ка туура келген шарттуу тилкеси (ортолук меридианга караганда ± 7,5°ка).
Thumb
Убакыт алкактары

Гринвич меридианы — убакыт алкагынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.

  • Административдик убакыт алкагы — атайын бир мыйзамдарга ылайык белгилүү бир убакыт бекитилген жер бетинин аймактары. Бул түшүнүккө дагы датанын дал келиши деген түшүнүк да кирет. Мында, эгер, UTC−10:00 жана UTC+14:00 убакыт аралыктары аларда күндүн бирдей убактысы болгондугуна карабай ар кандай деп эсептелинет.

Убакыт алкактарынын түзүлүүсү бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт алкактары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт алкактарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген.

Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу.

Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT).

UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт алкактары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.

Remove ads

Убакыттын чектөөнүн себептери

Азыркы убакыт алкагынын заманбап системасынын негизин дүйнөлүк убакытты координциалоо болуп эсептелинет. Андан баардык алкактардын убактысы түзүлгөн. Жердин узактыгынын ар бир градусуна (же мүнөтүнө) карай бөлбөө үчүн Жер бети 24 убакыт алкагына бөлүнгөн. Бир алкактан экинчи алкакка өтүүдө мүнөт жана секунда өзгөрүлбөйт, болгону сааттын мааниси өзгөрөт. Бүткүл дүйнөлдүк убакыттан сааттары гана айырмаланбастан, мүнөттүк көрсөткүчү да 30 же 45 мүнөткө өзгөргөн өлкөлөр бар.

Remove ads

Жайкы убакыт

Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот.

Декреттик убакыт

Декреттик убакытСССРде 1930—1931-жылдары киргизилген убакытты «алкактык убакытка дагы бир саат» деген система боюнча эсептөө тартиби.

Бир нече убакыт алкагы бар өлкөлөр

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагында бир нече убакыт алкактары бар. Ал эми деңиздеги, океандагы ээликтери менен кошо кандайдыр бир өлкөлөр да бир нече убакыт алкактарына кирет:

Көпчүлүк өлкөлөр (Улуу Британия жана Франция дагы, деңиздеги ээликтеин кошпогондо) бир эле аралыкта жайгашкан. Кээ бир мамлекеттер узун жана чоң болгону менен, бир гана убакыт алкагын колдонушат. Мисалы Кытай беш географиялык алкакта жайгашканы менен, бирдиктүү Кытай убактысы менен.

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагындагы административдик-аймактык бирдиктер эки же андан көп убакыт алкактарын колдонушат. Мисалы, Орусиядагы Якутия жана Канададагы Нунавут аймагы үч убакыт алкагын колдонушат[1].

Толук маалымат Өлкө, Убакыт алкактарынын саны ...
Remove ads

Убакыт алкагынын тизмеси[2]

Порт-Морсби) (Kilo)

  • UTC+10:30 — Австралиянын бир бөлүгү
  • UTC+11 —Орто Колымдык убакыт, Борбордук-тынч океан убактысы (Соломон АралдарыЖаңы Каледония) (Lima)
  • UTC+11:30 — Норфолк аралы (Австралия)
  • UTC+12 — Камчатка убактысы, Маршал аралдарыФиджиЖаңы Зеландия (Mike)
  • UTC+12:45 — Чатем архипелагы(Жаңы Зеландия)
  • UTC+13 — СамоаТонга
  • UTC+13:45 — Чатем  архипелагындагы жайкы убакыт (Жаңы Зеландия)
  • UTC+14 — Лайн аралдары (Кирибати)
Remove ads

Убакыт алкактарынын белгилери

Толук маалымат Дүйнөлүк убакыт (жаңыртуу) ...

Географиялык атластардагы убакыт алкактары кээде баштапкы меридиандан чыгышка карай 0дөн 23кө чейинки сандар менен белгиленет. Ошондой эле, 0 убакыт алганынан баштап чыгышты карай датанын өзгөртүү сызыгына чейин +1ден +12ге чейин жана батышты карай −1ден −12ге чейин сандар менен белгилөө да колдонулат. Сандар менен катар эле убакыт алкактарынын тамга белгилери бар.

Толук маалымат GMT, DST ...
Remove ads

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads