Дары майлар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Дары майлар — бир өңчөй, бүртүксүз жумшак массалар. Алардын курамына дары заттар жана дары майдын негизи (формага келтирүүчү заттар) кирет. Дары майдын негизин вазелин, ланолин (койдун жүнүн жууганда чыгуучу зат), парафин, мом жана башка түзөт. Дары майлар (териге же көзгө, мурунга) сыйпоого колдонулат. Кээде тери аркылуу жеңил сиңүүчү дарыларды берүү үчүн да дары майлар жасалат. Алар ички органдардагы патологиялык процесске таасир этүүчү максатта сыйпалат. Дары майлар оозу бекитилген банка же сыкма идиште салкын жерде сакталат.

Remove ads

Булактар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads