Кабоверделиктер

From Wikipedia, the free encyclopedia

Кабоверделиктер
Remove ads

Кабоверделиктер, кабовердиндер, Кабо-Верде креолдору (өз аталышы криолу) — эл. Кабо-Верде Республикасынын негизги калкы.

Ыкчам фактылар Мамлекеттер жана аймактар, Тили ...

Тил

Кабо-Верде Республикасынын расмий тили — португал тили. Бирок калктын көбү креолдук кабувердьяну тилинде сүйлөйт. Бул тил эски португал тилинин батыш африкалык тилдер менен байланышынын натыйжасында пайда болгон.

Дин

Калктын басымдуу бөлүгү католиктер. Аз санду протестанттар бар

Келип чыгышы

Кабоверделиктер 16—19-кылымдарда евпропалык (португал, италян, испан, француз ж.б.) отурукташкандар менен аралашып кеткен африкалык кулдардын тукумдары. Мулаттар 70% түзөт.

Кийим

Кийим-кече жана материалдык маданият европалык.

Тамак-аш

Тамак-ашы негизинен жашылчалардан жана балыктан турат.

Коом

Коомдук түзүлүштүн негизин моногамдуу чакан үй-бүлөлөр түзөт. Аталык туугандык эсеп.

Маданият

Кабо-Верде маданияты анын аралаш Батыш Африка жана португал тамырларын чагылдырат. Ал Морна сыяктуу музыканын ар түрдүү формалары жана ар анын түрдүү бийлери: Морнанын жумшак бийи, Фунана, Коладейранын өтө сезимталдыгы жана Батуке бийи менен белгилүү.

Remove ads

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads