Кабувердьяну
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Кабувердья́ну (кабо-вердиану, кабо-вердиан креолу; өз аты: kriolu, kriol, cabuverdiánu) — португалиялык креол тили. Кабоверделиктердин эне тили. Сүйлөгөндөрдүн саны 926 миңге жакын адамды түзөт.
Лексикада Батыш Африка тилдеринен (мандинго ж.б.) кирген сөздөр бар.
Кабовердьяну Гвинея булуңунун башка португал креол тилдери менен 59% окшоштукка ээ.
1975-жылы кабовердьяну Кабо-Верденин улуттук тили деп жарыяланган.
Remove ads
Жазуусу
Латын алфавитинин негизинде түзүлгөн жазуусу расмий документтерде ALUPEC (Alfabeto Unificado para a Escrita do Caboverdiano) деп аталат. ALUPEC — бул кабовердьяну жазуу системасына атайын ылайыкталган алфавит. 1998-жылы бекитилген жана төмөнкү тамгаларды камтыйт: A a, B b, D d, Dj dj, E e, F f, G g, H h, I i, J j, K k, L l, Lh lh, M m, N n, Nh nh, Ñ ñ, O o, P p, R r, S s, T t, Tx tx, U u, V v, X x, Z z.
Remove ads
Синтаксис
Сүйлөмдүн түзүлүшү
Негизинен SVO конструкциясы колдонулат, мисал: Êl tâ cumê pêxi. — Ал балыкты жейт.
Тилдин бир өзгөчөлүгү – кош, ал тургай үчтүк танууларды колдонулушу.
Диалектилер
Кабувердьяну барлавенту (Санту-Антан, Сан-Висенте, Сан-Николау, Сал, Боавишта аралдары) жана сотавенту (Сантьягу, Маю, Фогу жана Брава аралдары) диалектилерге бөлүнөт.
Шилтемелер
- http://alupec.kauberdi.org/decreto-lei-67-98.html Archived 2013-01-13 at archive.today
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads