Казарман (аэропорт)

From Wikipedia, the free encyclopedia

Казарман (аэропорт)
Remove ads

Казарман аэропорту (англ. Kazarman airport) (IATA: жок (КЗМ), ICAO: UAFZ) — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна кызмат көрсөткөн аэропорт. Тоолуу «Казарман» аэропорту Казарман айылынын түндүк-чыгыш тарабынан орун алган жана Нарын шаарынан 240 км алыстыкта турат. Аэродром деңиз деңгээлинен 1274 метр бийиктикте жайгашкан.

Ыкчам фактылар Казарман аэропорту, IATA: жок (КЗМ) – ICAO: UAFZ ...
Remove ads

Тарыхы

Казарман аэропорту 1940-жылдары алтын өндүрүүчү айылдын четинде конуу тилкеси катары иштей баштаган. Азыркы учурда колдонулуп жаткан учуп-конуу тилкеси жана терминал 1985-жылы курулган. Аэропорт аймактык маанидеги 3С классына кирет. Учуп-конуу тилкесине 22 тоннага чейинки салмактагы учактар гана коно алат. Прибордук кондуруу системасы жок болгондуктан, аэропорт күндүзгү убакта гана иштейт.

Казарман аэропортунда бажы жана чек ара көзөмөлү жок, ошондуктан ал Кыргызстандын ичиндеги каттамдар менен гана иштейт. 2000-жылга чейин аэропорт жыл бою Жалал-Абад, Нарын, Бишкек жана Ош шаарлары менен үзгүлтүксүз аба байланышта болгон.

Казарман аэропорту 2008-жылдын 16-июнунда Бишкек–Казарман–Бишкек багытындагы туруктуу каттамдын ачылышы менен учактарды кабыл алууну кайра жандандырган. Бирок соңку 10 жыл ичинде жүргүнчү агымынын жетишсиздигинен улам аэропорт учактарды кабыл алган эмес. Каттамды «Кыргызстан» авиакомпаниясы жумасына бир жолу аткарып турган[1].

2018-жылы Казарман аэропортунун терминал имаратына оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Терминал саатына 40–50 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкталган.

2022-2023-жылдары Казарман аэропорту реконструкциядан өткөн. Анда аэродромдун асфальт-бетон жабуусу, учуп-конуу тилкеси, рулеж жолу жана учак токтотуучу аянттарда оңдоо-кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн[2].

2024-жылдын күз айында аэропорт кайрадан ачылган[3].

Remove ads

Учуп-конуу тилкеси

Аэродром Як-40, Ан-24, Ан-26, Ан-2, Ан-28 сыяктуу жана андан төмөн класстагы учактарды эч кандай чектөөсүз кабыл алууга ылайыкталган. Ошондой эле бардык түрдөгү тик учактар үчүн да ылайыктуу. Аэродром күндүзгү убакта гана иштейт. Жасалма учуп-конуу тилкесинин өлчөмү 1840 х 35 метрди түзөт, жабуусу асфальт-бетон.

Кырсыктар

1983-жылдын 29-июнунда «Аэрофлоттун» Яковлев ЯК-40 (борт номери CCCP-87808) учагы шамалдын күчтүү агымына кабылып, кулап түшкөн[4].

Дагы караңыз

Булактар

Шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads