Тогуз-Торо району
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Тогуз-Торо району — Жалал-Абад облусунун түндук-чыгышындагы администрациялык район. 1935-ж. уюшулган. Түндүгүнөн Нарын облусунун Жумгал, чыгышынын Ак-Талаа райондору, түндук-батышынан Токтогул, батышынан Базар-Коргон, Сузак райондору, түштүгүнөн Ош облусунун Өзгөн району менен чектешет. Аянты 3962 км2. Калкы 22,3 миң (2001). Орто жыштыгы 1 км2 жерге 4,1 киши туура келет. Райондо 5 айыл өкмөтү (Атай, Көк-Ирим, Каргалык, Сары-Булуң, Тогуз-Торо), 13 кыштагы бар, борбору — Казарман айылы.
Remove ads
Макмал алтын комбинаты
Макмал алтын комбинаты 1986-жылы ачылган. Учурунда он жыл гана иштөөгө эсептелген комбинат узартылып отуруп, 2016-жылдагы эсептөөлөр менен бир жарым жылдык запастагы гана алтыны калган. Бүтүндөй бир районду иш жана социалдык экономикалык жактан кармап, Тогуз-Торонун бюджетинин 95% ар кандай которуулар жана салыктан түшкөн каражат менен түзүлөт.
Курамы
Кошумча караңыз: Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү
Райондо 5 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 14 айыл бар[1]:
- Атай айыл аймагы: Атай (борбору), Карл Маркс;
- Көк-Ирим айыл аймагы: Арал (борбору), Бирдик;
- Каргалык айыл аймагы: Казарман (борбору), Кызыл-Жылдыз[2], Макмал, Чет-Булак;
- Сары-Булуң айыл аймагы: Кара-Суу (борбору), Табылгыты;
- Тогуз-Торо айыл аймагы: Дөдөмөл (борбору), Кош-Булак, Ленин, Өрнөк;
Эскертүү: Каргалык айылдык кеңеши Каргалык айыл аймагында “Кызыл-Жылдыз” калктуу конушу жок болгондугуна байланыштуу калктуу конушту Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик классификатордон чыгаруусун сунуштаган[2].
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads