Кальциноз
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Кальциноз — организмдин орган жана тканына кальций тузунун топтолушу. Картаң кишилерде акиташ коко жана кабырга кемирчектерине чогулат. Чогулган жерине жана мүнөзүнө жараша дистрофиялык, метастаздык, метаболиялык болуп бөлүнөт.
Түрү
Дистрофиялык кальциноз
Дистрофиялык каьциноз ткандардын кээ бир жеринде зат алмашуу бузулганда, көбүнчө ткань дистрофияга учураганда жана чиригенде байкалат.
Метастаздык кальциноз
Метастаздык кальциноздо кальций алмашуусунун бузулушунан канда кальцийдин концентрациясы көбөйөт. Мисалы, сөөк ткандарын бузуучу процесстерде (Остеомиелит, миелома жана башка) кальций туздары канга чыгып, андан өпкөгө, карындын былжыр челине, миокард, бөйрөк, артерия капталдарына чөгөт. Метаболиялык кальциноз канда кальцийдин концентрациясы ашыкча болбосо деле пайда болот. Ал көбүнчө териге, тери алдындагы клетчатка, булчуңдарга, муундарга жана башка ткандарга топтолот.
Remove ads
Дарылоо
Дарылоо кальцинозду пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads