Каракалпактар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Каракалпактар
Remove ads

Каракалпактар (карак. қарақалпақлар, qaraqalpaqlar) —Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстандын түпкү калкы. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө кыпчак тилдеринин кыпчак-ногой бутагында сүйлөшөт.

Ыкчам фактылар Мамлекеттер жана аймактар, Тили ...

Калктын жалпы саны 450 миң чамалуу (1989-ж.). Айрым бөлүктөрү Хорезм, Хива, Фергана аймактарында, Түркмөнстан, Афганистанда жашашат. Түндүк-Чыгыш, Түштүк-Батыш диалектеринде сүйлөшөт. Мусулман-суниттер.

Thumb
Каракалпак, 1928.
Thumb
Шөкөлө кийген каракалпак кызы
Remove ads

Этногенези жана тарыхы

Каракалпактардын этногенезинде сак-массагет уруулары, хазарлар, печенегдер, өгуздар өрчундуу орунду ээлешкен. Огуз-печенег уруулары чыгыштан көчүп келген кыпчактарга жуурулушкан жана анын натыйжасында кыпчак тили үстөмдүккө ээ болгон. Каракалпак уруулары Печенегдер союзуна (10-11-кк.), Кыпчак (половец) уруулук бирикмелеринин (11-13- кк.), Алтын Ордо (13-14-кк.), Чоң Ногой ордосунун (15-к.) курамдарында болушкан. 15-к. Чоң Ногой ордосунун курамында каракалпак этносунун эл болуп калыптануусу аяктаган. Чоң Ногой ордосунан каракалпактардан сырткары, көчмөн өзбектер, казактар бөлүнүп чыгышкандыгы маалым. Каракалпак тилинде булгар тилинин да таасири байкалат. Каракалпактардын кыргыздар менен этногенетикалык жана этномаданий алакалары уруулук аталыштарында, эн тамга белгилеринде, элдик оозеки чыгармаларда (дастан, жомок, жөө жомок, уламыштар жана башкалар). материалдык маданиятынын үлгүлөрүндө чагылдырылат. Кыпчак, мангыт, кытай, төрт уруу, каңды, кесек, бөрү, меркит жана башкалар уруулук аталыштары кыргыз этнонимиясында да кайталанат. Көчмөн жана жарым көчмөн каракалпактар коллективдештирүү мезгилинде жапырт отурукташууга өтүшкөн. Арал деңизи жана анын айланасындагы экологиялык кырдаал улуттун генефондуна терс таасирин тийгизүүдө.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads