Квинсленд (штат)

From Wikipedia, the free encyclopedia

Квинсленд (штат)map
Remove ads

Квинсленд (англ. Queensland ) — Австралиянын түндүк-чыгышындагы штат. Калкынын саны — 5 418 453 адам. Борбору жана ири шаары — Брисбен. Расмий лакап аты — «Жаркыраган күн нурунун штаты» (Sunshine State) жана «Акылдуу штат» (Smart State). Урааны — «Кайраттуу жана ишенимдүү» (лат. «Audax at Fidelis»).

Ыкчам фактылар Өлкө, Административдик борбор ...
Remove ads

Этимология

Штат 1859-жылдын 6-июнда Жаңы Түштүк Уэльстин бир бөлүгүндө жаңы штат түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон британ ханышасы Викториянын урматына аталган.

Ошол кездеги популярдуу дин кызматкери Жон Данмор Лэнг бул аймакты ачкан Жеймс Куктун урматына Куксленд деп атоону сунуштаган, бирок британ ханышасы жаңы аймакты өзүнүн атынан атоону туура көрүп Куксленддин ордуна Квинсленд деген аталышты тандаган.

Remove ads

География

Thumb
Квинсленддин аймактары
Thumb
Коралл деңизинин жээгинде жайгашкан Квинсленд штаты. Чоң Тоскоол рифи
Thumb
Квинсленд штатынынын түндүгүндөгү Дайнтри тропик токою аркылуу агып өткөн Моссман дарыясы
Thumb
Квинсленд штатынын түштүк-чыгышындагы Ламингтон улуттук паркындагы Макферсон тоо кыркасы
Thumb
Маккензи Көлү

Жалпы аянты 1 729 742 чарчы километр (715 309 чарчы миль) болгон Квинсленд штаты климаттын жана географиялык өзгөчөлүктөрдүн ар түрдүүлүгүнө бай штат. Эгер Квинсленд көз карандысыз өлкө болгондо - аянты боюнча дүйнөдө 16 орунду ээлемек.

Remove ads

Дагы окуңуз

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads