Колумбия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Колумбия (исп. Colombia), расмий аталышы — Колумбия Республикасы (исп. República de Colombia) — Түштүк Американын түндүк-батышында жайгашкан Борбордук Америкада да аймактары бар мамлекет.
Борбору — Богота шаары.
Чыгышынан Бразилия, түштүгүнөн Эквадор жана Перу, батышынан Панама менен чектешет[4].
Деңиз аркылуу Коста-Рика, Никарагуа, Гондурас, Жамайка, Гаити жана Доминикана Республикасы менен чектешет. Батышынан Атлантика океанынын, түндүгүнөн Кариб деңизинин суулары менен чулганат. Калкынын саны боюнча Түштүк Америкада Бразилиядан кийинки 2-орунда, дүйнөдө 28-орунда жана испан тилинде сүйлөгөн калктын саны боюнча 2-орунда турат.
Remove ads
Этимология
Өлкөнүн аталышы Американы ачкан атактуу саякатчы Христофор Колумбдун атынан келип чыккан. Бул аталышты Түштүк Американын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн венесуэлалык революционер Франсиско де Миранда, Испания менен Португалиянын басып алган жерлерине карата колдонгон.
Кийин бул аталышты Симон Боливар «Ямайкадан келген каттында» (исп. Carta de Jamaica) сунуш кылган.
1819-жылы Жаңы Гранада вице-падышалыгынын аймактарын камтыган (Колумбия, Панама, Венесуэла, Эквадор, Бразилиянын түндүк-Батышы) республиканы түзүүдө кабыл алынган атылыш — Колумбия Федеративдик Республикасы[5].
Бирок, кийинчерээк Эквадор менен Венесуэла бөлүнгөндөн кийин, өлкө Жаңы Гранада деп, 1858-жылдан баштап Гранада Конфедерациясы деп, ал эми 1863-жылы Колумбия Кошмо Штаттары деп аталып жүргөн.
1886-жылдан тарта азыркы аталышындагы — Колумбия Республикасы түзүлгөн. Эквадор жана Венесуэла өкмөттөрү бул аталышты өлкөлөрдүн жалпы мурасы деп кабыл алып, талашып келишкен. Азыркы учурда бул талаш-тартыштар толугу менен токтогон[6].
Өлкөнүн аталышынын келип чыгышы республиканын гимнинде чагылдырылган:
![]() |
Баатырлардын каны сиңген Колумбдун жери (исп. Se baña en sangre de héroes la tierra de Colón) Нуньес Моледо Рафаэль |
![]() |
Remove ads
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads