Кызыл-Кыя (аэропорт)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Кызыл-Кыя аэропорту (англ. Kyzyl-Kiya Airport) (IATA: жок (КЫК), ICAO: UAFS) ― Кызыл-Кыя жана Пүлгөн шаарларына кызмат көрсөткөн аэропорт.
Remove ads
Тарыхы
Кызыл-Кыя аэропорту 1930-жылдары тоо-кен шаарчасынын жанындагы конуу тилкеси катары иштей баштаган. Азыркы учуу тилкеси жана терминалы 1970-жылдары курулган. Аэропорт 3C категориясындагы региондук аэропорт болуп саналат. Учуу тилкесинин жүк көтөрүмдүүлүгү 22 тонна, инструменталдык конуу жабдыктары жок жана күндүзгү убакта гана иштейт.
Кызыл-Кыя аэропорту Өзбекстан чек арасына жакын жайгашканына карабастан, бул жерде бажы жана чек ара көзөмөлү жүргүзүлбөйт жана ал Кыргызстан ичиндеги каттамдарга гана кызмат көрсөтөт. 2002-жылга чейин Кызыл-Кыя аэропорту жыл бою Бишкек жана Чолпон-Ата шаарлары менен аба каттамдарын камсыздап келген.
Remove ads
Дагы караңыз
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads