Кызыл-Кыя
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Кызыл-Кыя — Кыргызстандын Баткен облусунда жайгашкан шаар.
Remove ads
Тарыхы
Кызыл-Кыяга шаар макамы 1938-жылы берилген.
Калкы
2017-жылдын 1-январына карата калктын саны 64 100 адамды түзгөн[1].
География
Кызыл-Кыя Баткен облусунун аймагында, Кичи-Алай кырка тоолорунун этегинде, деңиз деңгээлинен 918 метр бийиктикте орун алган. Шаардын аянты — 0,02 миң чарчы км.
Экономика
1901-жылы шаарга темир жолу салынган. Шаар Кыргызстандагы көмүр казуучу эски борборлордун бири болуп саналат. Дүң продукциянын 55 пайызга жакыны көмүр өндүрүүдөн түшөт. Совет мезгилинде жеңил өнөр жай, тамак-аш, эт-сүт ишканалары өнүккөн.
Кызыл-Кыяда төмөнкү ишканалар жана мекемелер иштеп келет:
- шахта башкармасы
- "Алай" аскердик техника заводу
- бут кийим тигүү фабрикасы
- сүт заводу
- тамеки ферменттөө заводу
- электр механикалык ишканалар
- курулуш материалдар комбинаты
- цемент заводу
- консервация заводу
Социалдык жана билим берүү тармагында төмөнкү мекемелер бар:
- жогорку окуу жай
- бала бакчалар
- 2 кесиптик окуу жай
- тоо-кен кесиптик техникалык окуу жайы
- шаардык оорукана
- шаардык маданият үйү
- эс алуу паркы
- музей
- басмакана
Remove ads
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads