Мухаммедкалый Абылгазиев

From Wikipedia, the free encyclopedia

Мухаммедкалый Абылгазиев
Remove ads

Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич (20-январь, 1968, Дөң-Алыш айылы, Кочкор району, Нарын облусу, Кыргыз ССР) — кыргызстандык мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын премьер-министри (2018-2020), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси (2018). Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Ыкчам фактылар Президент:, Андан мурунку: ...
Remove ads

Билими

  • 1994 — Константина Скрябин атындагы айыл чарба институтун "агроном" адистиги боюнча аяктаган.
  • 1997 — Кыргызстандын Эл аралык экономика жана бизнес факультетин аяктаган.

Эмгек жолу

  • 1994 — 1995 — "Кыргызстан" финансы-агроөнөржай директорунун орун басары
  • 1995 —1997 — "Ажар" ишканасынын аткаруучу директору
  • 1997 — 1998 — Өкмөт алдындагы Мамлекеттик орто жана чакан бизнести колдоо фондусунун насыялоо бөлүмүнүн эксперти
  • 1998 — 1999 — Биринчи Май районунун калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын директору
  • 1999 — 2003 — Бишкектин калктын иш менен камсыз кылуу департаментинин директору
  • 2003 – 2003 — Социалдык фонддун ички аудит башкармалыгынын башчысы
  • 2003 — 2007 — Социалдык фонддун Чүй облустук башкармалыгынын башчысы
  • 2007- 2009 — Социалдык фонддун аппарат башчысы
  • 2009 — 2010 — Социалдык фонддун төрага орун басары
  • 2010-2016 — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы
  • 2016-2017 — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри
  • 08.2017-09.2017-ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси
  • 2017-жылдын 12-сентябрынан — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары
  • 2018-жылдын 16-мартынан — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси
  • 2018-жылдын 20-апрелинен — Кыргыз Республикасынын премьер-министри
Remove ads

Булагы

http://www.president.kg/kg/okujalar/zhanylyktar/11615_muhammedkalyiy_abyilgaziev__kyirgyiz_respublikasyinyin_prezidentinin_apparatyinyin_jetekchisi_bolup_dayyindaldyi/

Шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads