Полистирол

From Wikipedia, the free encyclopedia

Полистирол
Remove ads

Полистиролстирол түз тизмектүү түзүлүштөгү полимери, П. айнек сымал тунук зат, тыгызд. 1,06 г/см3 (20о) Катуу-лануу t 93°C, 80-1500С каучук сымалданган абалга өтөт, ал эми 250-3000С стирол пайда кылуу менен ажырайт. П. суунун, к-танын жана щелочтун таасирине өтө туруктуу, ароматтык углеводороддо, татаал эфирде эрийт, бензинде жана спиртте эрибейт. Диэлектрдик касиетке ээ. Өнөр жайда стиролду эмульсиялык жана суспензиялык метод менен азот же СО2 чөйрөсүндө стиролду полимерлештирүүдөн, ал эми акыркы мезгилде үзгүлтүксүз полимерлештирүү методу менен алынат. Кийинки мезгилде стиролду башка мономерлер менен полимерлөөдөн сополимерлер алынууда. Стиролдун винил карбазол, дихлорстирол, дивинилбензол менен сополимерлери жылуулукка өтө туруктуу. П. жана анын сополимерлери электр изоляциялык материал, пенополистирол, үй-тиричилик буюмдарын, теле жана радио техникада, муздаткычтын сыртын, автотетиктерди ж.б. жасоодо колдонулат.

Thumb
Стирол => Полистирол.
Thumb
Полистирол.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads