Свердлов району

From Wikipedia, the free encyclopedia

Свердлов району
Remove ads

Свердлов районуБишкек шаарынын 4 райондорунун бири, шаардын түндүк-чыгышында орун алган, аянты 3340 га, калкыкын саны 216,3 миң адамдан ашык район.

Ыкчам фактылар Өлкө, Статусу ...
Remove ads

Тарыхы

Район алгач 1958-жылы 25-февралда Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Борбордук аткаруу Комитетинин жыйынынын чечими менен түзүлгөн, андан кийин убактылуу жоюлуп, 1964-жылы кайрадан түзүлгөн. Районду түзүү жөнүндө токтомдо анын аймагы «Фрунзе көчөсүнүн түндүгүндөгү» бардык аймактар деп сүрөттөлгөн. 1974-жылы район азыркы контурун алган. Район негизделгенден бери анын администрациясы (мурда райисполком деп аталган) Чүй проспектиси, 28 дарегинде жайгашып келет.

2022-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде аймактык реформа жүргүзүлгөн[1].

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында айыл аймактарын Бишкек шаарына кошуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Свердлов районунун курамына Аламүдүн айыл аймагы, Лебединовка айыл аймагы, Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагы кошулуп, ошондой эле МАБ-21 аймагы кеңейтилген[2].

Thumb
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
Thumb
Бишкек ЖЭБи
Thumb
Кыргызтелекомдун имараты

Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында, Свердлов районуна кошулган айыл аймактары:

Толук маалымат Аламүдүн, Лебединовка ...
Remove ads

Географиясы

Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө чейинки райондун чектери:

  • Батыш тарабы:

Ж. Абдрахманов көчөсү — темир жолдон Жибек-Жолу проспектисине чейин (чыгыш жагы), Жибек-Жолу проспектиси — Ж. Абдрахманов көчөсүнөн Т. Молдо көчөсүнө чейин (түндүк жагы), Т. Молдо көчөсү — Жибек-Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин, Саадаев көчөсү — Т. Молдо көчөсүнөн дренаждык коллекторго чейин, андан ары «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Келечек» жана «Ак-Бата» конуштарынын (чыгыш жагы) чек аралары аркылуу өтөт, андан ары Елебесов көчөсү аркылуу Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча жана Майское айылдарына чейин[3].

  • Түндүк тарабы:

«Ак-Бата», «Дордой-2», «Эне-Сай» конуштарынын чек аралары боюнча Алма-Ата көчөсүнө чейин жана «Бакай-Ата» конушунун түндүк жагы боюнча өтөт[3].

  • Чыгыш тарабы:

ЖЭБ каналынын аркылуу, Энергетиктер шаарчасы, Салиева көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Ч.Валиханов көчөсүнө чейин (түндүк жагы), андан ары Луганская көчөсү, Сокулук көчөсүнө чейин, Лермонтов көчөсү — Сокулук көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин жана «Бакай-Ата» конушу аркылуу өтөт[3].

  • Түштүк тарабы:

Темир жол — Ж. Абдрахманов көчөсүнөн тартып, ЖЭБ аймагы, «Тепличный» совхозу, өнөр жай зонасы жана «Учкун» микрорайонуна чейин[3].

Remove ads

Обьектер

Свердлов району Бишкек шаарынын эң бир чоң жана өнөр жай ишканалары көп аймагы болуп эсептелинет[3]. Бул райондун аймагында:

  • Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ);
  • 24 орто мектеп;
  • спорттук мектеп;
  • 3 лицей;
  • 4 университет;
  • 11 поликника;
  • аймактык оорукана;
  • төрөт үйү;
  • Республикалык диагностикалык борбору;
  • 17 бала бакча бар.

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads