Свердлов району
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Свердлов району ― Бишкек шаарынын 4 райондорунун бири, шаардын түндүк-чыгышында орун алган, аянты 3340 га, калкыкын саны 216,3 миң адамдан ашык район.
Remove ads
Тарыхы
Район алгач 1958-жылы 25-февралда Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Борбордук аткаруу Комитетинин жыйынынын чечими менен түзүлгөн, андан кийин убактылуу жоюлуп, 1964-жылы кайрадан түзүлгөн. Районду түзүү жөнүндө токтомдо анын аймагы «Фрунзе көчөсүнүн түндүгүндөгү» бардык аймактар деп сүрөттөлгөн. 1974-жылы район азыркы контурун алган. Район негизделгенден бери анын администрациясы (мурда райисполком деп аталган) Чүй проспектиси, 28 дарегинде жайгашып келет.
2022-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде аймактык реформа жүргүзүлгөн[1].
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында айыл аймактарын Бишкек шаарына кошуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Свердлов районунун курамына Аламүдүн айыл аймагы, Лебединовка айыл аймагы, Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагы кошулуп, ошондой эле МАБ-21 аймагы кеңейтилген[2].



Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында, Свердлов районуна кошулган айыл аймактары:
Remove ads
Географиясы
Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө чейинки райондун чектери:
- Батыш тарабы:
Ж. Абдрахманов көчөсү — темир жолдон Жибек-Жолу проспектисине чейин (чыгыш жагы), Жибек-Жолу проспектиси — Ж. Абдрахманов көчөсүнөн Т. Молдо көчөсүнө чейин (түндүк жагы), Т. Молдо көчөсү — Жибек-Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин, Саадаев көчөсү — Т. Молдо көчөсүнөн дренаждык коллекторго чейин, андан ары «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Келечек» жана «Ак-Бата» конуштарынын (чыгыш жагы) чек аралары аркылуу өтөт, андан ары Елебесов көчөсү аркылуу Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча жана Майское айылдарына чейин[3].
- Түндүк тарабы:
«Ак-Бата», «Дордой-2», «Эне-Сай» конуштарынын чек аралары боюнча Алма-Ата көчөсүнө чейин жана «Бакай-Ата» конушунун түндүк жагы боюнча өтөт[3].
- Чыгыш тарабы:
ЖЭБ каналынын аркылуу, Энергетиктер шаарчасы, Салиева көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Ч.Валиханов көчөсүнө чейин (түндүк жагы), андан ары Луганская көчөсү, Сокулук көчөсүнө чейин, Лермонтов көчөсү — Сокулук көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин жана «Бакай-Ата» конушу аркылуу өтөт[3].
- Түштүк тарабы:
Темир жол — Ж. Абдрахманов көчөсүнөн тартып, ЖЭБ аймагы, «Тепличный» совхозу, өнөр жай зонасы жана «Учкун» микрорайонуна чейин[3].
Remove ads
Обьектер
Свердлов району Бишкек шаарынын эң бир чоң жана өнөр жай ишканалары көп аймагы болуп эсептелинет[3]. Бул райондун аймагында:
- Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ);
- 24 орто мектеп;
- спорттук мектеп;
- 3 лицей;
- 4 университет;
- 11 поликника;
- аймактык оорукана;
- төрөт үйү;
- Республикалык диагностикалык борбору;
- 17 бала бакча бар.
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads