Сент-Люсия

From Wikipedia, the free encyclopedia

Сент-Люсия
Remove ads

Сент-Люсия (англ. Saint Lucia) — Вест-Индиядагы Айдарым аралдарында, Сент-Винсент жана Мартиника аралдарынын ортосундагы жайгашкан арал мамлекети. Арал түндүгүнөн Сент-Люсия кысыгынын, түштүгүнөн Кариб деңизин Атлантика океаны менен байланыштырган Сент-Винсент кысыгынын суулары менен чулганат.

Ыкчам фактылар

Сент-Люсия — Бириккен Улуттар Уюмуна, Америка мамлекеттеринин уюмуна, Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмуна, Кариб коомдоштугунуна, Чыгыш Кариб мамлекеттер уюмуна, Франкофония уюмуна мүчө мамлекет[1].

Remove ads

Этимологиясы

Сент-Люсия өз атылышын Сиракузалык Ыйык Луциянын (б.з. 283–304-жж.) урматынан алган. Сент-Люсия — дүйнөдөгү аял ысымынан коюлган эки көз карандысыз мамлекеттин бири[2].

Кээ бир божомолждор боюнча, француз деңизчилери 13-декабрда, Ыйык Луция майрам күнү бул аралда кеме кырсыгына учурашыпжана анын урматына Сент-Люсия деп аташкан. Бирок, Ватикандагы 1520-жылдардын глобусунда бул арал «Sancta Lucia» деп көрсөтүлүп, аны биринчи болуп испан изилдөөчүлөрү атаганын белгиленет[3].

Сент-Люсия 200-жылдары аравактар тарабынан «Луаналао» деп аталып, «игуаналардын аралы» деген маанини билдирген. 800-жылдары «Хеванорра» деген аталышты алып, «игуаналар жашаган жер» деген маанини билдирген[2][4][5].

Remove ads

Географиясы

Сент-Люсия ушундай эле аталыштагы аралда жайгашкан жана Кичи Антиль аралдарынын курамына кирет. Түндүгүндө Сент-Люсия кысыгы аркылуу Мартиника аралы менен чектешет, ал эми түштүгүндө Сент-Винсент жана Гренадиндер мамлекетине караштуу Сент-Винсент аралы менен чектешет (Сент-Винсент кысыгы аркылуу). Арал чыгышынан Атлантика океанынын, ал эми батышынан Кариб деңизинин суулары менен чулганат. Жалпы жээк сызыгынын узундугу 158 км барабар[6][7].

Тамчы сымал формадагы аралдын узундугу болжол менен 44 км, туурасы 23 км жана жалпы аянты 617 км² түзөт (Айдарым аралдарынын түштүк тобундагы аралдарынын арасынан аянты жагынан экинчи орундагы арал болуп эсептелет)[6].

Сент-Люсия аралы жанар тоонун активдүүлүгүнөн пайда болгон жана Кариб деңизиндеги көптөгөн башка аралдардан айырмаланып тоолуу келет[6].

Аралдын түндүгүнөн түштүгүн карай Барр-де-Лиль-Ридж тоо кыркалары созулуп жатат, бул тоо кыркаларынын бийиктиги 400дөн 900 метрге чейин жетет. Аралдагы эң бийик чекити — Жими тоосу (950 м). Бул тоолордун капталдарын жыш тропикалык токойлор каптаган, ал тоо этектеринде көптөгөн кыска дарыялар жана түшүмдүү өрөөндөр жайгашкан[6].

Аралдын жээги тар жээк түздүктөрү жана абдан татаал формадагы жарлар менен мүнөздөлөт. Түштүк-чыгыш жана түндүк-батыш жээктери көп сандагы майда рифтерге, булуңдарга жана бухталарга бай[7].

Remove ads

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads