Стамбул аэропорту
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Стамбул эл аралык аэропорту (түрк. İstanbul Havalimanı), Жаңы же Үчүнчү (түрк. Üçüncü Havalimanı) — Түркия Республикасынын Стамбул шаарынын Европа тарабындагы Арнавуткөй аймагында жайгашкан эл аралык аэропорт. Калаанын борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашып, 2018-жылдын 29-октябрында ачылган.
Дүйнөдөгү эң ири аэропорт болуп, жылына 150 миллион (бара бара 200 миллионго кеңейүүсү менен) жүргүнчү тейлөөсү жана учактар 350 тарапка уча турганы болжолдонууда[2]. Биринчи каттам Анкара багытына ишке ашкан[3]. Бул Ататүрк атындагы жана Сабыйка Гөкчөн менен бирге, мындан сырткары аларды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондугунан улам курулууга пландалган Стамбулдагы үчүнчү аэропорт[4]. Жаңы аэропорт ачылгандан соң, Ататүрк атындагы аэропорт 2019-жылдын 7-апрелинен тарта жүргүнчүлөрдү тейлөөсүн токтотуп, тейлөө Стамбул аэропортуна которулган.
Remove ads
Авиакомпаниялар жана багыттар
2019-жылдан башына карата, Turkish Airlines гана каттамдарынын бир бөлүгүн жаңы аэропортко которгон[5].
Статистикасы
Расмий ачылуудан кийинки биринчи үч айдын ичинде аэропорт 187 553 жүргүнчүнү тейлеген[6].
2019-жылдын 6-апрель — 30-апрель аралыгында жүргүнчү агымы 4 113 956 адамды түзгөн[7].
Дагы караңыз
- Стамбулдагы Ататүрк атындагы аэропорт
- Стамбулдагы Сабиха Гөкчөн атындагы аэропорт
Булактар
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads