Талас (аэропорт)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Талас аэропорту (орус. Таласский аэропорт); (англ. Talas Airport); (IATA: жок (ТЛС), ICAO: UAFT) — Кыргызстандын Талас облусуна кызмат көрсөтүүчү аэропорт. Ички коду — ТЛС. "Талас" аэропорту деңиз деңгээлинен 1266 метр бийиктикте орун алган жана ички каттамдарды аткарууга багытталган[1].
Remove ads
Тарыхы
Талас аэропорту 1940-жылдары ошол кездеги кичи провинциялык шаардын четинде конуу тилкеси катары иштей баштаган. 1979-жылы учактар менен тик учактарды тейлөө максатында курулган Талас аэропорту СССР ыдырагандан кийин ишин токтоткон. Кийин аэродромдун учуп-конуу тилкеси начар абалга келгендиктен жана толук реконструкциялоого муктаж болгону үчүн учуу тилкеси жабылып калган[2].
Жаңы терминал
2023-жылдын 15-июнунда "Талас" аэропортуна капсула салынып, учуп-конуу тилкесинин курулушу башталган. 2024-жылдын 24-майында аэропорт толугу менен жаңыланып ишке берилген[3]. Азыркы учурда аэропорт учактарды жана жүргүнчүлөрдү толук тейлөөгө даяр.
Remove ads
Мүмкүнчүлүктөр
"Талас" аймактык аэропортунун жаңы аэробекети саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Учуп келүү жана учуп кетүү залдары өзүнчө жайгашкан. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле эне-бала бөлмөсү да каралган[1].
Учуп-конуу тилкеси
Учуп-конуу тилкеси Ан-2, Ан-26, Ан-28, Авро РЖ-85, БАЭ-146, Як-40 сыяктуу учактарды жана бардык түрдөгү тик учактарды кабыл алууга ылайыкталган.
Remove ads
Авиакомпаниялар жана багыттар
Кырсыктар
- 1969-жылдын 28-июнунда «Аэрофлоттун» Ильюшин Ил-14 (борт номери CCCP-91495) учагы Талас аэропортунан Фрунзеге (азыркы Бишкек) багыт алып, саат 19:36да 35 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү менен учуп чыккан. Учуп чыккандан кийин экипаж процедура боюнча солго бурулуштун ордуна, оңго – тоо тарапка бурулуп кеткен. Учак аэродром деңгээлинен 1884 метрге жогору, деңиз деңгээлинен 3150 метр бийиктикте, учуп чыгуу тилкесинен 8.7 чакырым сол жакта жайгашкан тоого урунган. Саат 19:50дө учак Талас аэропортунан 39 чакырым алыстыкта тоого сүзүлүп, толугу менен талкаланган. Борттогу бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү каза болгон. Бул кырсык ошол маалда Кыргызстандын авиация тарыхындагы эң оор кырсык болгон жана бүгүнкү күндө экинчи орунда турат. Ошондой эле ал учурда Ильюшин Ил-14 учагы менен болгон эң чоң жоготуулар катталган кырсык болгон[5].
Remove ads
Дагы караңыз
Булактар
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads