Манас эл аралык аэропорту
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Манас эл аралык аэропорту (IATA: BSZ, мурда: FRU ICAO: UCFM) ― Кыргызстандын башкы эл аралык аэропорту, борбор калаа Бишкектен 25 километр (16 миль) түндүк-түндүк-батышты карай жайгашкан.
Remove ads
Тарыхы
Шаардын түштүгүндө жайгашкан эски Бишкек аэропортунун ордуна курулган. Эң атактуу кыргыз жазуучусу жана интеллектуалы Чынгыз Айтматовдун сунушу боюнча, кыргыз эпостук баатыры Манастын атына аталган. Аэропортко учак эң биринчи жолу 1974-жылдын октябрында конгон. Анын бортунда Совет премьер-министри Алексей Косыгин болгон. 1975-жылы 4-майда аэропортто эң биринчи пландалган рейс Москвага (Домодедово) болгон.
1991-жылы Кыргызстан Советтер Союзунан көз карандысыздыкка жетип, аэропорттун инфраструктурасы жай, бирок туруктуу түрдө төмөндөй баштаган. Он жыл бою ал кароосуз калып, аэропорттун чыгыш жагында металлолом толуп кеткен: алардын ичинде Советтик 60тай эски самолеттор, вертолеттор, аба лайнерлери ж.б. керексизделип жатышкан.
"Кыйрагыс эркиндик " операциясы башталган соң, АКШ өкмөтү өз коалициясынын өнөктөрү менен Ооганстандагы операцияларды ишке ашыруу максатында аэропортту аскердик база катары колдонууга уруксат сурайт. Коалициялык күчтөр 2001-жылда сентябрдын аягында келишет. Келери менен эле аэропортто операциялар жана жабдуулар иш жүзүнө кеңири ашырыла баштаган. Кароолсуз калган учактар жайытка айланып, алардын ордун коалициялык учактар ээлеп, араң турган ангарлардын ордуна кыйраткыч учактар үйү тургузулган. Жүргүнчүлөр жолу боюнча аскерлер палаталарынан турган шаарча пайда болот. Питер Гансинин урматына америкалык күчтөр ал жерди "Ганси авиабазасы" деп аташат. Ганси, өрт өчүргүчтөр башчысы, 11-сентябрда Нью-Йоркто террористтик чабуулда каза тапкан. Кийинчерээк, Гансинин ордуна Манас абабазасы деген ат коюлган.
2004-жылы, жүргүчүлөр терминалынын астында жаңы автотурук курулуп, транспорттук учактарга кененирээк жер түзүлгөн.
2025-жылы 11-августта аэропорт ИАТАнын FRU кодун BSZ менен алмаштырган[1]. Буга чейин колдонуп жүргөн ИАТАнын FRU аттуу коду Бишкектин Советтер убагындагы Фрунзе атынан келип чыккан.
Жаңылоо
2025-жылдын 7-мартында «Манас» эл аралык аэропортунун реконструкциясы башталып, инфраструктураны жаңыртуу боюнча ири иштерге жол ачты. Терминал комплекси 38 919 чарчы метрден 56 919 чарчы метрге чейин кеңейтилет — бул кошумча 18 000 чарчы метрди түзөт. Жаңылануу алкагында төмөнкү иштер каралган:
- каттоо эсептеринин санын көбөйтүү
- күтүү залдарын кеңейтүү
- заманбап эс алуу жана тамактануу зоналарын түзүү
Бул өзгөрүүлөр жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган. Ошондой эле аэропорттун иштөөсүнүн эффективдүүлүгүн жана тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн жаңы технологиялык чечимдер киргизилет. Модернизациянын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — негизги терминалдарды бириктирген жабык өтмөктүн курулушу болот. Ал аба ырайынан коргоо менен каттамдар ортосунда тез кыймылды камсыз кылат[2].
Кыргызстандын негизги аэропортунун реконструкциясы China Road and Bridge Corporation компаниясынын жетекчилиги алдында башталды. Компания 2025-жылдын аягына чейин учуп-конуу тилкесин, учак токтотуучу аянтчаны жана жарыктандыруу системаларын жаңыртат[3].
Remove ads
Авиакомпаниялар жана каттамдар
Жүк ташуу (карго)
Remove ads
Кырсыктар жана окуялар
- 2002-жылы 23-октябрда таңга жуук, Третьяково Аба Транспорттук компаниясы жетектеген IL-62 авиалайнери учуп чыгуу маалында учуп-конуу тилкесинин жээгинен чыгып кетип, аварияга туш болгон. Бортто жүргүнчүлөр жок болгон. Ал эми экипаждын бардык 11 мүчөсү тең жеңил гана жарадар болуп, качып чыккан. Аларды АКШнын биргелешкен аба күчтөрү жана Манас аэробазасындагы Түштүк Кореялык аскер клиникасы кабыл алган. Кыргыз персоналы ал самолеттун калдыктарын майдалап, ошол жерге калтырып коюшкан. Кыйроонун калдыктары дагы деле быкшып күйүп жатканда, аэропорттук операциялар кайра калыбына келген.
- 2004-жылдын ноябрында, жарандык жүк ташуучу Боинг 747 тескери жакка ― жаңы Марсден Маттинг аттуу кыйраткыч учактардын туругуна багыт алган. Самолет аябагандай оор болгондуктан, ошол жерде такалып, учак жолун тосуп туруп калган. Аэропорттук операциялар бир нече саатка токтолгон. Кийинчерээк, трактор менен самолетту ордунан тартып чыгышкан.
- 2006-жылы 26-сентябрда, Москва-Домодедового багыт алган Туполев ТУ-154 учар маалында жерге жаң конгон АКШ аскердик танкер менен урунушкан. Туполевдун бортунда 52 жүргүнчү жана тогуз кишилик экипаж бар болчу. Туполевдун бортунда 52 жүргүнчү жана тогуз кишилик экипаж бар болчу. Бир канаты сынса да, аны өз жерине кайра айдап баруу колдон келди. Ал эми танкер үч киши бар, ошондой эле суюк отун менен толук эле. Ал отун тез күйүп кетип, танкер толук бойдон кыйратлган. Эки самолетто тең эч ким жарадар болгон жок.
- 2008-жылы 24-августта Тегеранга багыт алган Итек Эйр боинги аэропорттон 3 км алыстыкта жерге кулап түшүп, талкаланган. Анда 68 адам каза тапкан. 22 адам, анын ичинде экипаж мүчөлөрү тирүү калган. Аэропорттун өкүлүн айтымы боюнча, экипаж борттогу техникалык көйгөйлөр жөнүндө билдиришип, аэропортко кайтып баратканда, учак жерге кулаган.
- 2011-жылы 28-декабрында Бишкектен учуп чыккан Кыргызстан авиялиниялары ТУ-134 Ошто конууга аракет кылган. 80 жүргүнчүдөн жана алты экипаж мүчөлөрүнөн турган самолет учуучу жолдун тышына чыгып кетип, айланып барып, от алынып кеткен. 31 адам жарадар болуп, 17 адам госпиталдаштырылган.
- 2017-жылдын 16-январында Turkish Airlines компаниясына таандык 6491-рейс, ACT Airlines тарабынан Turkish Cargo үчүн ижарага алынган Boeing 747-400F учагы, Гонконгдон Стамбулга Бишкек аркылуу бара жатып, калың тумандын айынан конууга аракет кылган учурда учуп-конуу тилкесине жете албай, жакын жайгашкан айылга кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен төрт учкуч жана жердеги 34 адам каза болуп, жалпысы 38 адамдын өмүрү кыйылган[27].
Remove ads
Дагы караңыз
Булактар
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads