Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү

From Wikipedia, the free encyclopedia

Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү
Remove ads

Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү ― бул натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү башкарууну уюштуруу максаттарында аймактарды административдик-аймактык бирдиктерге бөлүштүрүү.

Thumb
Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүнүн схемасы
Thumb
1. Бишкек шаары; 2. Баткен облусу‎; 3. Чүй облусу; 4. Жалал-Абад облусу; 5. Нарын облусу; 6. Ош облусу; 7. Талас облусу; 8. Ысык-Көл облусу; 9. Ош шаары

Административдик-аймактык бирдик ― бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар.

Аймактык бирдиктер ― мамлекеттик бийликтин же жергиликтүү башкаруунун органдары түзүлбөгөн калктуу конуштар жана атайын пайдалануу режиминдеги аймактар (коруктар, улуттук парктар, заказниктер, тарыхый эстеликтердин жана жаратылыш эстеликтеринин аймактары, коргонуу маанисиндеги аймактар жана башкалар).

Калктуу конуш ― жарандардын туруктуу жашоочу орду болуп эсептелген, жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоо үчүн зарыл керектүү турак жайы жана курулуштары, өзүнүн аталышы жана тийиштүү тартипте аныкталган аймактык чектери бар, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынган жана катталган Кыргызстандын аймагынын калк тыгыз отурукташкан бөлүгү. Калктуу конуштар шаардык жана айылдык болуп бөлүнөт.

Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик:

  • 7 облус;
  • 40 район;
  • 32 шаар (алардын ичинен 2 республикалык маанидеги шаар, 12 облустук маанидеги шаар, 18 райондук маанидеги шаар);
  • 452 айыл аймагы (бир же бир нече айылдан турат)[1][2].
Remove ads

Калктуу конуштардын категориялары

Калктуу конуштардын категориялары ― мыйзамда белгиленген белгилүү макамга ээ болгон административдик-аймактык бирдиктердин жыйындысы.

Республикалык маанидеги шаар категориясына мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ же өнүккөн өндүрүштүү жана социалдык инфратүзүмдүү, калкынын саны 250 миң адамдан кем болбогон республикалык маанидеги администрациялык, экономикалык же маданий борбор болуп саналган калктуу конуш киргизилиши мүмкүн. Мындай шаарларда жергиликтүү башкарууну уюштуруунун өзгөчө ыкмасы белгилениши мүмкүн. Жергиликтүү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары башка калктуу конуштардагы жергиликтүү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынан айырмаланышы ыктымал жана алардын мамлекеттик бийлик органдары менен мамилелери өзгөчө мүнөзгө ээ болот.

Республикалык маанидеги шаардын макамы мыйзам менен аныкталат.

Облустук маанидеги шаар категориясына административдик, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы жана турак жай фонду бар, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 20 миңден кем болбогон калктуу конуш киргизилиши мүмкүн.

Райондук маанидеги шаар категориясына административдик, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмгө, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуш киргизилиши мүмкүн.

Шаар тибиндеги посёлоктордун категориясына аймагында экономикалык маанилүү объекттер (өнөржай ишканалары, курулуштар, темиржол станциялары ж.б.) жайгашкан, ошондой эле эгерде бул калктуу конуштар ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишсе, калкынын саны 2 миң адамдан кем болбосо, дарылык мааниге ээ жерлерде жайгашкан калктуу конуштар киргизилиши мүмкүн.

Өзгөчө учурларда калкынын саны азыраак, бирок административдик, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган жана андан аркы экономикалык өсүшү жана калкынын саны көбөйүшү жакынкы келечекте боло турган калктуу конуштар тийиштүү маанидеги шаарлар, шаар тибиндеги посёлоктор категориясына киргизилиши мүмкүн.

Айыл категориясына ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем болбогон, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуштар киргизилиши мүмкүн. Айылдын курамында кыштактар жана конуштар уюштурулушу мүмкүн.

Өзгөчө учурларда алыс жана баруу кыйын болгон, калкынын саны аз конуштар айыл категориясына киргизилиши мүмкүн[2].

Remove ads

Биринчи деңгээлдеги адмистративдик-аймактык бирдиктер

Толук маалымат №, Аталыш ...

Бишкек шаары 4 районго бөлүнөт: Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов. Ленин районуна Чоң-Арык шаар тибиндеги посёлок жана Орто-Сай айылы баш ийет.

Ош шаарына 11 айыл баш ийет: Алмалык, Арек, Жапалак, Керме-Тоо, Кеңеш, Өзгүр, Орке, Пятилетка, Төлөйкөн, Тээке, Гүлбаартөлөйкөн[4].

Remove ads

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги административдик-аймактык бирдиктер

Баткен облусу

Негизги макала: Баткен облусу
Толук маалымат Карта, Аталыш ...

Жалал-Абад облусу

Негизги макала: Жалал-Абад облусу
Толук маалымат Карта, Аталыш ...

Нарын облусу

Негизги макала: Нарын облусу
Толук маалымат Карта, Аталыш ...

Ош облусу

Негизги макала: Ош облусу
Толук маалымат Карта, Аталыш ...

Талас облусу

Негизги макала: Талас облусу
Толук маалымат Карта, Аталыш ...

Чүй облусу

Негизги макала: Чүй облусу
Толук маалымат Карта, Аталыш ...

Ысык-Көл облусу

Негизги макала: Ысык-Көл облусу
Толук маалымат Карта, Аталыш ...
Remove ads

Тарых

Кыргыз АО (1924―1926)

1924-жылдын 16-сентябрында Түркстан АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) кезексиз сессиясы Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшү жөнүндө чечим кабыл алган. Чечимдин алкагында ОСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү жарыяланган. Бул чечим 1924-жылы 14-октябрда Бүткүл орусиялык борбордук аткаруу комитетинин (БОБАК) 2-сессиясында бекитилген жана 1925-жылдын 11-майында Бүткүл орусиялык советтердин жыйынында жактырылган. 1925-жылдын май айынан Кара-Кыргыз АО Кыргыз АО аталып баштайт[12].

Автономиялуу облусунда 4 аймак негизделген — Пишпек (21 болуш менен), Каракол-Нарын (16 болуш), Ош (20 болуш) жана Жалал-Абад (19 болуш). Болуштар 269 айыл кеңештерге бөлүнүп 1173 калктуу конуштарды камтыган[13].

Кыргыз АССР (1926―1936)

Thumb
Кыргыз АССРдин 1926-1928-жж. болгон кантондорго бөлүнүшү

1-февраль 1926-жылы Кыргыз АО Кыргыз АССРге айланган. Ошол эле учурда анын жаңы административдик-аймактык бөлүнүшү бекитилген. Ага ылайык аймактардын оруна 7 кантон орнолгон: Чүй, Талас, Каракол, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Фрунзе. Кантондор 52 болушка, алар 455 айыл кеңешине бөлүнгөн. Ушул эле жылы Пишпектин аталышы Фрунзеге өзгөргөн.

1928-жылы Чүй кантону Фрунзе кантонуна кошулган, Жалал-Абад менен Ош кантондору Ош аймагына бириккен. Ошол эле учурда болуштарга бөлүнүсүнөн райондорго бөлүнүшүнө өтүү башталган. 1929-жылына Кыргыз АССР 1 аймака, 5 кантонго, 13 районго, 29 болушка жана 441 айыл кеңештерге бөлүнгөн.

1930-жылы Кыргызстанда, ошондой эле бүткүл Советтер Союзунда кантондорго бөлүнүү жоюлган. Кыргыз АССР райондорго, алар айыл кеңештерге бөлүнүп калган.

Кыргыз ССР (1936―1991)

Кыргыз Республикасы

31-август 1991-жылы Кыргыз Республикасы жаралат.

7-февраль 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Үч-Терек району түптөлгөн, бирок 1998-жылдын 30-сентябрында жоюлган. 1992-жылдын 27-февралында Ош облусунун Чоң-Алай району түзүлгөн.

1992-жылдын 6 мартында кээ бир райондордун аталыштары өзгөргөн: Жаңы-Жол — Аксыга, Киров — Кара-Буурага, Ленинполь — Бакай-Атага, Ленин — Ноокенге, Совет — Кара-Кулжага, Фрунзе — Кадамжайга. Ошол эле учурда Нарын облусунун Суусамыр району түзүлгөн (1994-жылдын 28-майында Чүй облусуна өткөрүлүп берилген, 1995-жылдын августунда жоюлган.

1993-жылдын 8-майында Калинин районун аталышы Жайыл районуна өзгөргөн.

1994-жылдын 16-апрелинде Чүй району жоюлган.

1998-жылдын 3-сентябрында Кант району Ысык-Ата районуна кошулган.

1999-жылдын 13-октябрында Ош облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун чек арасында Баткен облусу түзүлгөн.

Remove ads

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads