Токсиндер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Токсиндер (байыркы грек тилинен τοξικός (toxikos) — уулу) — микроорганизмдердин тиричилигинен бөлүнүп чыккан уу зат.

Бактериялык токсиндер
Бактериялык токсиндер көбүрөөк изилденген. Алар экзотоксиндер жана эндотоксиндер болуп бөлүнөт.
Экзотоксиндерди
Экзотоксиндерди бактериялар жашоо-тиричилигинде чөйрөгө бөлүп чыгарат. Мисалы, селейме, кептөөр, ботулизм жана башка козгогучтары чыгарат.
Эндотоксиндер
Эндотоксиндер бактериянын компоненти болуп, чөйрөгө бактерия өлгөндөн кийин бөлүнүп чыгат. Экзожана эндотоксиндер бири-биринен өзүлөрүнүн касиети жана организмге тийгизген таасири боюнча айырмаланат. Экзотоксиндер өтө уулуу келип, таасири белгилүү инкубация (жашыруун) мезгили өткөндөн кийин билинет. Канчалык алар көп өлчөмдө кирсе, ошончолук инкубация мезгили аз болот. Аларды ысытканда, формалин менен таасир эткенде уусун жоготот, бирок иммунитет пайда кылуу касиети сакталат. Мындай уусузданган экзотоксиндер анатоксин деп аталып, көп ооруларды алдын алууда жана дарылоодо колдонулат.
Анатоксин
Эндотоксинден анатоксин алуу үчүн болгон аракеттер натыйжа берген жок. Эндотоксиндер организмге тез таасир этет, экзотоксинге караганда уусу анча күчтүү эмес, жогорку температурага туруктуу болушат. Токсиндерди кургатуу, тоңдуруудан алардын күчү өзгөрбөйт.
Remove ads
Бул макалага байланышкан макалалар
Колдонулган адабият
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads