Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму

From Wikipedia, the free encyclopedia

Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму
Remove ads

Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму (СЕАТО), Маниль пактысы - 1955-77-ж. Азия-Тынч океан регионундагы өлкөлөрдүн согуштук-саясий блогу.

Thumb

СЕАТО уюму 1954-ж. 8-сентябрда Манила шаарында негизделген. 1959-ж. СЕАТОнун герби жана желеги кабыл алынган. АКШнын демилгеси менен Түштүк-Чыгыш Азиядагы улуттук-боштондук кыймылга жана бардык прогрессчил күчкө каршы күрөшүү максатында түзүлгөн. СЕАТОнун курамына: Австралия, Улуу Британия, Жаңы Зеландия, Пакистан (1973жылга чейин), АЕСШ, Таиланд (1975-жылга чейин), Филиппин, Франция өлкөлөрү кирген. СЕАТОнун өнөктөшү - Түштүк Корея, Түштүк Вьетнам. Уюмдун жогорку органы - Министрлер туруктуу органы - Генералдык секретарь башкарган Өкүлдүк кеңеши. Штаб-квартирасы Бангкокто (Таиланд) жайгашкан. СЕАТОдо аскер-деңиз, аскер-аба жана кургактагы аскер манёврлары өткөрүлүп турган. Түштүк-Чыгыш Азиядагы демократиялык күчтөрдүн жалпы чыңдалыш шарттарында Түштүк-Чыгыш Азия келишим уюму 1977-ж. 30-июнда формалдуу түрдө таратылган.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads