Манила
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Манила (тагал. Maynila, Майнила; англ. жана исп. Manila) – Филиппин Республикасынын борбор шаары. Лусон аралынын түштүк-батышында, Манила булуңунун жээгинде (Түштүк-Кытай деңизинин алабы) жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2006). Манила өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору. Чоң Манила шаар айланасында жайгашкан айыл муниципалитеттерин жана шаар-спутниктерди [Кесон-Сити (өлкөнүн расмий борбору), Калоокан, Мандалуйонг, Малабон, Макати, Сан-Хуан-дель-Монте, Параньяке, Пасай, Навотас (балык кармоочу гавань)] камтыйт. 1571-жылы тагал княздыгынын борбору болгон. Кийинчерээк испандар басып алып, Филиппиндин административдик борборуна айланган. 1898-жылы АКШнын колуна өткөн. 1935-жылдан Филиппин автономиясынын, 1946-жылдан Филиппин Республикасынын борбору. Пасиг дарыясы шаарды экиге бөлүп агат. Өкмөттүк ишканалар жана шаардын эски бөлүгү – Интрамурос (мурунку испан чеби) Маниланынтүштүк бөлүгүндө жайгашкан. Жеңил, тамак-аш, полиграфиялык, жыгаччылык, химиялык, машина куруу өнөр жай ишканалары, верфтер иштейт. Университеттер, улуттук жана Санто-Томас музейи, театр, сүрөт галереясы, китепкана бар. Сан-Агустин чиркөөсү (1599–1614) сакталган.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads