Фижи доллары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Фижи доллары (белгиси: FJD; коду: 242) — Фижинин улуттук валютасы[1]. Бир фижи доллары 100 центтен турат.
Remove ads
Тарыхы
1867-1873-жылдар аралыгында фиджиде доллар жана цент бирдигиндеги биринчи кагаз акчалар чыгарылган. Бир фижи долларынын куну АКШ күмүш долларына барабар болгон. Кийин Фижи өзү Британ империясынын колониясына айланган жана доллар британ фунтуна алмаштырылган.
Доллар 1969-жылы фижи фунтун алмаштырып, кайрадан жүгүртүүгө киргизилген. Валютанын куну 1 фунт = 2 фижи доллары же 10 шиллинг = 1 фиджи доллары деп бекитилиген.
1987-жылдан тартып Фижи өз алдынча республика болгонуна карабастан, 2012-жылга чейин банкноттордо жана монеталарда Елизавета II портрети түшүрүлүп келген[2].
Remove ads
Монеталар
1969-жылы 1, 2, 5, 10 жана 20 центтик номиналдагы жана 1975-жылы 50 центтик номиналдагы монеталар жүгүртүүгө чыгарылган. Монеталардын курамы жана өлчөмү австралиялык монеталардын курамдарына жана өлчөмдөрүнө негизделген.
1990-жылы монеталардын курамы өзгөртүлгөн: 1 жана 2 центтик монеталар жез капталган болоттон, 5, 10, 20 жана 50 центтик монеталар никель капталган болоттон жасалган.
1995-жылы жезден жасалган 1 долларлык монета жүгүртүүгө киргизилген. 1 жана 2 центтик монеталарды чыгаруу толугу менен токтотулган.
Remove ads
Банкноттор

Биринчи долларлар
Фижинин биринчи бир долларлык купюрасы 1867-жылы чыгарылган. 1871-1873-жылдар аралыгында 1, 5, 10, 25 жана 50 долларлык купюралар колдонууга чыгарылган. Ошол эле жылдары Какобау падышасынын демилгеси менен 12½, 25, 50, 100 цент жана 5 долларлык купюралар жарык көргөн.
Кийинки долларлар
1969-жылы Фижи Өкмөтү 50 центтик, 1, 2, 5, 10 жана 20 долларлык банкнотторду чыгарган. 1980-жылы банкнотторду чыгарууну Борбордук каржы органы (англ. Central Monetary Authority), ал эми 1987-жылы Фижинин резервдик банкы ишке ашырган. 1995-жылы 1 долларлык банкнот монетага алмаштырылган жана ушул эле жылы 50 долларлык купюра жүгүртүүгө киргизилген.
2007-жылдын 10-апрелинде жаңы банкноттор сериясы чыгарылган, 100 долларлык банкнот киргизилген[3]. Банкноттордун дизайнынын иштеп чыгуу 2002-жылы башталган. Бардык купюралар британиялык «De La Rue Currency & Security Print Company» компаниясы тарабынан басылып чыккан[3].
2012-жылы банкноттордун жаңы сериясы чыккан. Мурда 2 доллардык купюра монетага алмаштырылган. 5 долларлык купюра полимердик заттардан жасала баштаган. Елизавета II портрети жапайы жаратылыштын сүрөттөрүнө алмаштырылган. Банкноттордун реверси (арткы бети) дээрлик өзгөргөн эмес.
2017-жылы Рио-де-Жанейро шаарында болгон олимпиада оюндарында регби-7 боюнча улуттук курама тобунун жеңишинин урматына карата 7 долларлык эстелик банкнота чыгарылган[4].
2007-жылы чыгарылган сериядагы банкноттор
Remove ads
Алмаштыруу курсунун режими
Google Finance (.../FJD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Yahoo! Finance (.../FJD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
XE.com (.../FJD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
OANDA.com (.../FJD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads