Футбол боюнча Европа чемпионаты 2016
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Футбол боюнча Еврорпа чемпионаты 2016 (кыск. «Евро-2016») — 15-жолу УЕФА тарабынан уюштурулуп жаткан футбол боюнча Европа биринчилиги. Бул турнир 2016 жылдын 10 июндан тартып, 10 июлга чейин өткөрүлөт[1]. 2008 жылы сентябрь айында УЕФАнын аткаруу комитети Евро-2016да биринчи жолу 24 команда ойноору тууралуу токтом чыгарган. 2010 жылдын 28 май күнү Женевада турнирди өткөрө турчу мамлекет аныкталган, ал — Франция (үчүнчү жолу).
Remove ads
Уюштуруучуларды тандоо
Заявкалар
Италия — Европа чемпионатын 2 жолу кабыл алган (1968, 1980).
Түркия — мурда Европа чемпионатын кабыл алган эмес.
Франция — Европа чемпионатын 2 жолу кабыл алган (1960, 1984).
- Алынган заявкалар
Норвегия жана
Швеция — Швеция Футбол боюнча 1992 жылы өткөн Европа чемпионатын кабыл алган; заявка өкмөт тарабынан колдоо таппагандыктан 2009 жылы декабрь айында жокко чыгарылган.
Шотландия жана
Уэльс — мурда еврорпа чемпионатын кабыл алышкан эмес; өзүлөрүнүн кандидатурасын финасылык кризистен улам алып салышкан.
Ирландия — мурда Европа чемпионатын кабыл алган эмес; Шотландия менен ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдөн улам, заявкасын артка чакыртып алган.
Орусия — мурда Европа чемпионатын кабыл алган эмес; 2009 жылдын декабрь айында Батыш Европада эки турнирди катары менен өткөрүүгө мүмкүн эместигинен улам, баш тарткан (Орусия 2018 жылы өтө турчу футбол боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алмакчы)
Добуш берүү
Добуш берүүдө УЕФАнын Аткаруу Комитетинин 13 мүчөсү катышкан. Биринчи раундда ар бир добуш берүүчү 3 өлкөнү катары менен коюшу керек. биринчи коюлган өлкө 5 балл, экинчи коюлганы 2 балл, ал эми үчүнчү тизилген өлкө 1 балл алышкан. Биринчи раунддун жыйынтыгы боюнча эң аз упай топтогон өлкө (Италия) жарыштан чыккан. Экинчи раундда Чемпионатты өткөрө турган өлкө добуштардын көпчүлүгү боюнча аныкталган.[2].
Remove ads
Тандап алуу турнири

54 команданын ичинен финалдык бөлүккө 23ү өтүп, бул турнирдин ээси — Франция курама командасына кошулушту.
Финалдык турнирге өткөн командалар
- Чехия курама командасы Чехословакия курама командасынын жолун улантуучусу болуп саналат. Чехословакия 3 жолу бул турнирге катышып, эң мыкты жыйынтыгы болуп Футбол боюнча Европа чемпионаты 1976дагы 1-орун болуп эсептелинет.
- Орусия курама командасы СССР курмама командасынын жолун улантуучулары болуп саналат. СССР 5 жолу бул турнирге катышып, эң мыкты жыйынтык 1960 жылдагы Европа биринчилигинде 1-орунга татыган
- Чехословакия курама командасы бул турнирге 3 жолу катышып, эң мыкты көрсөткүч — 1976 жылы өткөн Европа биринчилигинде 1-орунга жеткен
- Хорватия Югославия курама командасынын жолун улантуучусу болуп эсептелинет. Югославия бул турнирге 5 жолу катышып, эң мыкты көрсөткүч 1960 жана 1968 жылдары 2-орунга татыган
- Украина СССРдин курама командасынын жолун улантуучусу болуп саналат
Remove ads
Өткөрүлө турчу жерлер
Бул турнирде оюндарды кабыл алчу стадиондор ар кайсы жылдары Европанын жана дүйнө биринчиликтерин кабыл алып келишкен. Алардын катарында 1938 жана 1998 жылдары өткөн дүйнө чемпионаттары, 1960 жана 1984 жылдардагы Европа чемпионаттары, жана Конфедерациялар кубогу 2003 да бар.
Турнирдин форматы
Каытшуучулардын санын 16дан 24кө чейин көбөйтүү үчүн, финалдык турнирге дагы ар биринде 4 командадан болгон 2 кошумча тайпа жана дагы бир плей-офф стадиясын (1/8 финал) кошуу тууралуу чечим чыккан. Плей-оффко өз тайпаларынан биринчи жана экинчи орунга ээ болгон командалар, жана дагы 3-орунга ээ болгон дагы 4 команда (3-орундагы командалар тайпа ичинде чогулткан упайлары боюнча аныкталат) чыгат.
Remove ads
Тайпалык этап
А тайпасы
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Стад де Франс, Сен-Дени Көрүүлөр: 75 113[4] |
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Феликс Боллар, Ланс Көрүүлөр: 33 805[5] |
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Парк де Пренс, Париж |
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Велодром, Марсель Көрүүлөр: 63 670[6] |
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Стад де Лион, Лион Көрүүлөр: 49 752[7] |
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Пьер Моруа, Вильнёв-д'Аск Көрүүлөр: 45 616[8] |
B тайпасы
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Матмю Атлантик, Бордо Көрүүлөр: 37 831[9] |
Remove ads
Финалдык турнир
Чучукулак жана командаларды жайгаштыруу
Чучукулак Парижде 2015 жылы 12 декабрда саат 18:00 болгон.
Командалар төрт себетке чачыратылган:
- Себет 1: тандап алуу циклден 5 команда, учурдагы Европа чемпиондору Испания курама командасын кошкондо.
- Себет 2, 3 жана 4: ар биринде алтыдан команда
Франция курама командасы эч бир себетте болгон эмес, анткени ал чемпионатты кабыл алып жаткаандыгы үчүн автоматтык түрдө А тайпасынан биринчи позиция берилген.
Чучукулактын жыйынтыгы боюнча финалдык стадиянын катышуучулары алты квартетке бөлүнүшкөн (Aдан Fке чейин), ал тайпалардан плей-оффко эң күчтүү делген эки курама жана үчүнчү орун алышкан төрт курама өтмөкчү.
Remove ads
Демөөрчүлөр
Дүйнөлүк демөөрчүлөр
Уюштуруп жаткан өлкөнүн демөөчүлөрү
Билеттер
Евро 2016 билеттерин бир нече этаптардан алууга болот [26]:
- 2015 жылдын 10 июндан 10 июлга чейин: бул этаптын алкагында, бир миллион билет даяр болгон. Андан кийин билеттик чучукулак уюштурулуп, анын нгегизинде талапкерлер өзүнүн билдирүүсү тууралуу кулактандырууларпды алышкан;
- 2015 декабрь айынан тартып 2016 жылдын январь айына чейин: билеттердин негизги массасын ойнотууга заявкаларды таштоо башталган;
- 2016 жыл, февраль: мурда заявка бергендерге билеттерди таратып берүү иштери жүргөн (2015 жылдын 14 декабрынан тартып 2016 жылдын 1 февраль күнүнө чейин заявка бергендерге);
- 2016 жыл, март айы: мурдагы этаптардан уткан билеттерди алып сатуу боюнча официалдуу порталдын ачылышы;
- 2016 жыл, айпрель-май айлары: билеттерди почта аркылуу жеткирип берүү иштери жүргөн.
Remove ads
Эскекртүүлөр
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads