Кубанычбек Чороев

From Wikipedia, the free encyclopedia

Кубанычбек Чороев
Remove ads

Кубанычбек Кадырмамбетович Чороев (Kubanychbek Choroev; 1954-жылы 10-ноябрда Чүй облусундагы Кант районуна караштуу Люксембург кыштагында туулган -- 2019-жылы 6-декабрда Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Эчки-Башы кыштагында каза болгон) - кыргызстандык журналист, жазуучу, агартуучу, ишкер.

Thumb
Журналист Кубанычбек Чороев Бишкек шаарында. 10-ноябрь, 2014-жыл.

Кыскача өмүр таржымакалы

Кубанычбек Кадырмамбетович Чороев 1954-жылы 10-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кант районундагы (азыркы Ысык-Ата районундагы) Люксембург кыштагында туулган.

Анын ата-бабасы Кыргызстандагы Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Он-Арча кыштагында - Эчки-Башы айылынан.

Чоң атасы Чоро ажы Айты уулу Саты небереси - айылдагы беделдүү инсандардын бири, элүү башы болгон, падышалык Орусиянын тушунда Мекеге ажылыкка барган. Теги - кыргыздын тынымсейит уруусунан.

Атасы - Кадырмамбет Чороев (1922 - 15.10.1975). Энеси - Алия Кыдыралиева (1924 - 07.7.2001).

Кубанычбек Кадырмамбетович Чороев орто мектепти туулуп-өскөн айылы Эчки-Башыда бүтүргөн.

1971-жылдан тартып эмгек жолун Нарын облусундагы Нарын шаарында куруучу-монтажчы болуп иштеп баштаган.

1974-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика бөлүмүнө кабыл алынып, аны 1980-жылы бүтүргөн.

Нарын, Бишкек шаарларында "Нарын правдасы" (1980-82), "Жеңиш" (1982-85), "Мугалимдер гезити" (1985-1990), "Береке"(1991-92), ж.б. гезиттерде иштеген.

Thumb
Журналист Кубанычбек Чороев жубайы Нурипа Чойбекова менен Бишкектеги “Ала Тоо” тойканасында. 10-ноябрь, 2014-жыл.

1989-90-жж. "Мугалимдер гезити" аттуу гезиттин жооптуу катчысы болуп иштеген.

1991-93-жылдары «Береке» гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп иштеген.

1993-жылдан бери жекече ишкер. Бишкек шаарында жашап келди.

Анын өз айылы Эчки-Башы тууралуу ыры азыркы тапта айылдаштары тарабынан үзбөй ырдалып келет.

2019-жылы 6-декабрда Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Эчки-Башы кыштагында рак оорусунун айынан 65 жашында дүйнө салды.

Маркумдун сөөгү 2019-жылы 8-декабрда Нарын районундагы Эчки-Башы кыштагында чоң атасы Чоро ажынын күмбөзүнүн жанында жерге берилди. 2020-жылы бейитине эстелик тургузулду.

Remove ads

Чыгармачылыгы

Көркөм чыгармаларынын жана журналисттик серептеринин толптомун өзүнчө китеп кылып жарялаган ("Жылдыздар кайтып келишет". Бишкек: Турар басмасы, 2014).

Жүздөгөн публицисттик макалалары жана кабарлары Кыргызстандагы мезгилдүү басма сөздө жарык көргөн.

Үч ырына обон жаратылган (2014). Ал ырлардын бири Эчки-Башы айылына арналган.


Үзөңгүлөштөрү

Кубанычбек Чороевдин пикирдештеринин, курсташтарынын жана досторунун арасында Эсенбай Нурушев, Шайлообек Дүйшеев, Тынчтыкбек Нурманбетов, Жумабек Медералиев, Абдиламит Матисаков, Тойчубай Субанбеков, Нуралы Капаров, Жаныбек Өмүралиев, ж.б. кыргыздын айтылуу журналисттери, публицисттери жана акын-жазуучулары бар.

Даңазалуу айылдаштары

Thumb
К.Чороевдин устаттарынын бири - ардагер журналист Сулайман Мамбеталиев, Кубанычбектин улуу агасы Жумамүдүн Кадырмамбетов жана анын уулу Таалайбек Жумамүдүн уулу. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 27.9.2012.

К.Чороев өз айылдаштары - манасчы Дуңкана Кочуке уулу, коомдук ишмер Күмүш Суран кызы, кыргыздын чыгаан акын кызы, маркум Жумакан Тынымсейитова, диктор Капар Алиев, заманбап кыргыз жазуучусу Кеңеш Жусупов, журналист Сулайман Мамбеталиев, генерал Бейше Молдогазиев, композитор Сайыргазы Түркмөнов, архитектор Вера Алиева (1940-2014), мугалим Өмүр Абдыкадыров, түрколог, профессор Гүлзура Жумакунова сыяктуу бир катар улуу замандаштары менен сыймыктанып, алардын салымдарын даңазалап келди.

Remove ads

Үй-бүлөсү

Үй-бүлөлүү, өмүрлүк жолдошу Нуруйпа Чойбекова да жекече ишкер. Алар 1979-жылы 22-майда үйлөнгөн.

Кызы (Элмира), эки небереси бар.

Жалпы 8 бир тууганы бар: ата-энесинин тун уулу – Жумамүдүн (15.02.1946), эжеси Гуля (24.10.1951), үчүнчү - Кубанычбек өзү (10.11.1954), төртүнчүсү - иниси Тынчтыкбек (28.03.1959), бешинчиси - иниси Бакытбек (04.02.1962), алтынчысы - карындашы Гүлмира (04.02.1964), жетинчиси - карындашы Нуржан (16.12.1968), сегизинчиси - кенже иниси Нурлан (10.05.1971).

Remove ads

Чыгармаларынын тизмеси

  • Чороев К. К. Жылдыздар кайтып келишет / Жооптуу редактор Жумабек Медералиев. - Бишкек: Турар, 2014. ISBN 978-9967-15-367-7. - 278 бет, сүрөттөр.
  • Чороев К. К. Дөөлөт таңы: Повесть, аңгеме, новеллалар, эскерүүлөр / Редактор Жумабек Медералиев. - Бишкек: Турар, 2015. - ISBN 978-9967-15-497-1. - 304 бет, сүрөттөр.

Адабият тизмеси

Remove ads

Интернеттеги шилтемелер

Айылдаштары, замандаштары. Кыскача сүрөт баян


Thumb
Эчки-башылыктар (оңдон солго): Күмүш Суранова, Кеңеш Жусупов, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Тынчтык Иманалиев. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2007-жылдын 14-апрели.
Thumb
Капар Алиев. 1960-жылдардын акырындагы үй-бүлөлүк сүрөт архивинен. Бишкек (Фрунзе) шаары, Кыргызстан.
Thumb
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов. 11.3.2012.
Thumb
Кыргыз архитектор айымы Вера Алиева. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2012-жылдын 20-октябры.
Thumb
Профессор Гүлзура Жумакунова Кэмбриждеги илимий жыйында. 20.9.2011.
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads