Шамчалар

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Шамчалар дозаланган дары формаларына кирет, башкача айтканда дары майларындай жасалбастан дозага (өлчөмгө) бөлүнүп жасалат. Бөлмө температурасында алар катуу; дене температурасында эрийт. Алар дарыдан жана шам негизин түзүүчү заттардан турат. Шамчалар жатын кынына жана көтөн чучукка киргизилүүчү болуп бөлүнөт. Алар аялдын жыныс органдарынын ооруларында, ошондой эле бойго бүтүрбөө максатында пайдаланылат.Көтөн чучукка киргизилүүчүлөр көтөн чучуктун ооруларында түздөн түз таасир этүүгө жана ички органдардын ооруларында колдонулат. Алар кургак жана салкын жерде, парафинделген кагазга, целлофанга оролуп сакталат. Кургак дары формаларына күкүм, гранул, таблетка, дражё, пилюлялар кирет.


Remove ads

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads