2-март
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
2-март — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 62-күнү (толук жылдарда – 61-күн). Жылдын аягына чейин 304 күн бар.
Майрамдар
Окуялар
- 1807 – Америкалык Конгресс өлкөгө жаңы кулдарды импорттоого тыюу салган мыйзам кабыл алган.
 - 1855 – Александр Орусиянын падышасы болгон.
 - 1861 – Орус падышасы Александр II крепостничествону жокко чыгарган мыйзамга кол койгон.
 - 1903 – Нью-Йоркто аялдар үчүн гана биринчи мейманкана болуп, "Марта Вашингтон" мейманканасы ачылган.
 - 1919 – Коммунисттик Интернационалдын 1-курултайы Москвада өткөрүлгөн.
 - 1933 – Нью-Йорктун "Радио-Сити Мюзик-холл" аттуу жайында "Кинг Конг" тасмасынын премьерасы өткөн.
 - 1946 – Хо Ши Мин Түндүк Вьетнамдын Президенти болуп шайланган.
 - 1956 – Марокко Франциядан көз карандысыздыгын жарыялаган.
 - 1969 – Советтик жана кытай аскер күчтөрүнүн Уссури дарыясындагы чек арада кагылуушуусу болгон.
 - 1972 – "Пионер-10" аалам зонду Канаверал тушугунан тышкы планеталарды изилдөө максатында учкан.
 - 1983 – Компакт-дисктерди ойнотуучу плейерлер жана дисктер биринчи жолу АКШ жана башка өлкөлөрдө сатыла баштаган. Ага чейин алар Жапонияда гана бар болгон.
 - 1989 – Европа экономикалык жамаатынын 12 мүчө-өлкөсү XX-кылымдын аягына чейин хлорофлюорокарбондордун (CFCs) өндүрүшүнө тыюу салуусуна макулдугун беришкен.
 - 1992 – Армения, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Сан-Марино, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Бириккен Улуттар Уюмуна кошулушкан.
 - 1995 – Э.Ферми атн. Улуттук ылдамдатуу лабораториясынын изилдөөчүлөрү t-кварктын ачылышын жарыялашкан.
 - 2008 – Дмитрий Медведев Орусиянын президенти болуп шайланган.
 - 2017 – Московий, Теннессин жана Оганесон элементтери Химиялык элементтердин мезгилдик системасына киргизилген.
 - 2024 — Леброн Жеймс NBAнын тарыхында үзгүлтүксүз сезондо 40 000 упай топтогон биринчи баскетболчу болуп калды.
 
Remove ads
Төрөлгөндөр
- 1545 — Томас Бодли, англис дипломат жана китепкана негиздөөчүсү (1613-ж. к.ж.).
 - 1800 — Евгений Баратынский, орус акын (1844-ж. к.ж.).
 - 1824 — Бедрих Сметана, чех композитор (1884-ж. к.ж.).
 - 1859 — Шолом Алейхем, орус романист (1916-ж. к.ж.).
 - 1862 — Борис Борисович Голицин, орус физик (1916-ж. к.ж.).
 - 1900 — Курт Вейл, немис композитор (1950-ж. к.ж.).
 - 1919 — Тамара Туманова, орус балерина жана актриса (1996-ж. к.ж.).
 - 1931 — Михаил Горбачев, советтик Нобел сыйлыгынын лауреаты жана мамлекеттик ишмер.
 - 1941 — Жон Финч, англис актер.
 - 1962 — Жон Бон Жови, америкалык музыкант (Bon Jovi).
 - 1972 — Маурисио Почеттино, аргентиналык футболчу жана футбол машыктыруучусу.
 
Каза болгондор
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads