Акробатика

From Wikipedia, the free encyclopedia

Акробатика
Remove ads

Акробатика (грек тилинен akrobates – бутумдун башы менен басам, бийикке чыгам, ал «буттун учу менен басам», «жогору чыгам» дегенди билдирет) – 1) гимнастика тибиндеги спорттук машыгуулар; 2) машыгуулардын көп сандаган топторун (акробатикалык секирүүлөрдү, аял - эркектин же эки эркектин, эркек тобунун машыгууларын, эркек менен аялдын батутта секирүүлөрүн) бириктирип турган спорттун бир түрү; 3) цирк өнөрүнүн жанры.

Thumb
Aкробатика

А. өнөрү Байыркы Египетте, Грецияда, Римде, Византияда, Кытайда, жапондо белгилүү болгон. Орто кылымдарда А-нын кээ бир элементтерин дарчылар, скоморохтор (Россияда), мимдер (Италияда), жонглёрлор (Францияда) аткарышчу, 18-кылымдын аягынан тартып, А. цирктерде кенен тарала баштайт. А-нын айрым элементтери бүгүнкү күндөгү цирктин бардык жанрларында, хореография өнөрү менен театр оюндарында да кеңири колдонулат.

Remove ads

Цирк өнөрүнүн жанры

Цирк өнөрүнүн алиппеси. Аренага чыгып өнөр көрсөткүсү келген ар бир адам баарыдан мурда өз денесин каалагандай башкара билүүгө тийиш. Ошондуктан акробатика цирктин чамгарагынын дал астында трапеция жасап учкан гимнастика, аркан менен жүгүргөн эквилибристке, ар кандай нерсени эптүүлүк менен жогору ыргытып оюн көрсөткөн жонглёрго, ат жалында ойногон чабандеске, ал түгүл шайыр маскарапозко да өтө керек. Акробатика – цирк өнөрлөрүнүн эң байыркысы. Акробатика мурда цирк өнөрү гана болуп эсептелсе, азыр ал спорттун бир түрү катары да таанылды.

1974 – жылга чейин цирк акробатикасында да трамплинсиз эки мертебе сальто жасоо мыкты жетишкендик болуп эсептелген. 1974 – ж. Акробатика боюнча СССР чемпионатында минскилик окуучу Вадим Биндлер дүйнөдө биринчи жолу жүгүрүп кележатып үч мертебе сальто жасаган. Мурда бул эч мүмкүн эмес деп эсптелген.

Remove ads

Маалымат булагы

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Фрунзе, 1976. 128-б.
Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads