Гереро

From Wikipedia, the free encyclopedia

Гереро
Remove ads

Гереро (овагереро, мбанду) — эл. Негизинен Намибияда жашайт. Аз сандуу топтор Ботсванада, Анголада жана Түштүк-Африка Республикасында бар.
Жалпы саны 240 миң адам.

Ыкчам фактылар Мамлекеттер жана аймактар, Тили ...

Тил

Гереро, ошондой эле англис, африкаанс жана португал тилдеринде сүйлөшөт.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Калгандары христиандар (протестанттар).

Чарбалык иштер

Малчылык менен алектенишет. Фермаларда жалданып иштешет. Шаарларда соода тармагында иштешет.

Тарых

Гереро уруулары азыркы мекенине 16 кылымда көчүп келишкен.
1904-1907-жылдары герман аскерлери көтөрүлүштү басуу учурунда гереро элинин 65 миңге жакын (элдин 80%тин) адамын кырып жок кылышкан. Аман калгандарды болсо концлагерге камашты.

Кошумча фактылар

Германия гереро жана нама элдерине каршы геноцидди расмий түрдө таанып, Намибия өкмөтүнөн кечирим сурап, компенсация төлөп берүүгө убада кылган.[1]

Remove ads

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads