Жердин жарым шарлары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Жердин жарым шарлары — Жер шарынын сфералык бетинин кандайдыр бир белгилер боюнча ажыратылган эки бөлүгү. Экватор аркылуу Түндүк жана Түштүк, меридиан (160° чыгыш жана 20° батыш узундугу) боюнча Батыш жана Чыгыш жарым шарга бөлүнөт. Океан же кургактыкты ээлеши боюнча Океандык жарым шарга (ортосу Жаңы Зеландиянын түндүк-чыгыш тарабы болуп эсептелет) жана Материктик жарым шар (ортосу Франциянын түндүк-батышы) ажыратылат. Кыргызстан Түндүк Жарым шарда 39°15' менен 43°16' Түндүк кеңдиктердин, 69°15' менен 80°18' чыгыш узундуктардын аралыктарында жайгашкан.





Remove ads
Жердин жарым шарлары
Түндүк жарым шар
Түндүк жарым шар – экватордун түндүгүндө жайгашкан 60,7% суудан жана 39,3% кургактыктан турган Жердин бөлүгү.
Түштүк жарым шар
Түштүк жарым шар – экватордун түштүгүндө жайгашкан 81% суудан жана 19% кургактыктан турган Жердин бөлүгү.
Батыш жарым шар
Батыш жарым шар — Гринвич меридианынын батышында жана 180-меридиандын чыгышында жайгашкан Жердин жарым шары.
Чыгыш жарым шар
Чыгыш жарым шар — Гринвич меридианынын чыгышында жана 180-меридиандын батышында жайгашкан Жердин жарым шары.
Материктик (кургактык) жарым шар
Материктик жарым шар же кургактык жарым шар — аянтынын эң көп бөлүгүн материктер (кургактыктар) ээлеген жердин жарым шары.
Океандык (суу) жарым шар
Океандык жарым шар же суу жарым шар — аянтынын эң көп бөлүгүн океандар (суу) түзгөн жердин жарым шары.
Жердин жарым шарлары картада
- Түштүк жарым шар
- Түндүк жарым шар
- Материктик жарым шар
- Океандык жарым шар
- Батыш жарым шар
- Чыгыш жарым жар
Remove ads
Климат
Remove ads
Кызыктуу факт
Кирибати — дүйнөдөгү бардык жарым шарларда жайгашкан жалгыз мамлекет.
Дагы караңыз
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads