Пионт Денис Ефремович
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Пионт Денис Ефремович (1903, Ош облусу, Сузак району, Спасовка айлы – 1999, ошол эле жер) – айыл-чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. 1927-жылдан «Красный Октябрь» айыл-чарба артелинин дыйканчылык бригадаеынын бригадири. 1931-жылдан Жалал-Абад МТСинде жумушчу болуп иштеген, 1945- жылдан Сузак МТСинин директору. 1956-ж. МТС тейлеген колхоздор 4685 га аянттын ар гектарынан 28,1 ц пахта жыйнап алган. 1955-ж. МТС мамлекеттик каражаттан 105 миң, 1956-ж. 133 миң сомду үнөмдөгөн. 1959–63-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты[2]. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads