Шауйя

From Wikipedia, the free encyclopedia

Шауйя
Remove ads

Шауйя (шавийя, шавия), (араб. chaouia, shawiya,  شاويه; берб. ⵉⵛⴰⵡⵉⵢⵏ, шауйя тилинде Išawiyen) — Алжирдеги бербер элдеринин бири. Алжирдин түндүк-чыгышында Атлас тоолу регионунда жашайт.
Саны 2 325 000 адам[1].

Ыкчам фактылар Мамлекеттер жана аймактар, Тили ...
Remove ads

Тил

Шауйя (ташауит) тилинде сүйлөшөт. Араб тилинин алжир диалектиси да кеңири таралган. Көпчүлүк француз тилин билет (мектептерде француз тили окутулат).

Дин

Негизи сүннөттүк (маликит мазхабы) Исламды тутушат. Бирок илгерки ишенимдердин кээ бир салттары сакталууда.

Чарбачылык иштер

Негизги кесиби: жарым көчмөн мал чарбачылыгы (төө, ири мүйүздүү мал, кой) жана багбанчылык (олива, финик, инжир).

Маданият

"Aмазиг" маданий кыймылы шауйя интеллигенциясы тарабынан түзүлгөн жана шауйя үчүн гана эмес, башка бербер элдери үчүн да жалпы берберлердин эң маанилүү бирикмелеринин бири болуп саналат. Анын жаралышы Алжирдин бардык тармактарындагы бербер кыймылынын ар түрдүүлүгүн чагылдырган.

Салт

Шауйя элинин аялдарынын арасында кына менен бетине жана колдорун татуировкалоо салты сакталып калган. Аялдар магия жана төлгө ритуалдарды практикалашат.

Белгилүү инсандар

  • Ламин Зеруаль — Алжирдин президенти
  • Али Бенфлис — Алжирдин премьер-министри
  • Халед Неззар — генерал-майор

Дагы окуңуз

Колдонулган адабияттар

  • Миронова Е. И. Глава III. Итоги сорокалетнего развития // Проблема берберского меньшинства. — М.: Ин-т изучения Израиля и Ближнего Востока, 2004. — С. 69-70. — 113 с.
  • Минц Л. М. Берберы // Большая энциклопедия народов : для школьников и студентов. — М.: Олма Медиагрупп, 2007. — С. 99-100. — 641 с. — ISBN 978-5-373-01053-5.
  • Шпажников Г.А. Северная Африка : Алжир // Религии стран Африки (Изд. 2-е). — М.: Наука, 1981. — С. 55. — 369 с.
  • Сергеев М.С. Берберы Северной Африки: прошлое и настоящее. — М.: Ин-т изучения Израиля и Ближнего Востока, 2003. — С. 7-113. — 213 с. — ISBN 5-89394-103-9.
Remove ads

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads