![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/d3/HumanRightsLogo.svg/langky-640px-HumanRightsLogo.svg.png&w=640&q=50)
Адам укуктары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Адам укуктары — бул ар бир адамдын кадыр-баркын жана эркиндигин коргоону камсыз кылган эрежелер[1]. Алар, ажыратылгыс, фундаменталдык (негизги) укуктар катары түшүнүлөт, алар "адам болгондугу үчүн гана таандык болгон" жана жашына, этникалык тегине, жашаган жерине, тилине, динине, этникалык таандыгына же башка статуска карабастан "бардык адамдарга мүнөздүү"[2]. Алар универсалдуу болуу маанисинде бардык жерде жана бардык убакта тиешелүү[3] жана бардыгы үчүн бирдей болуу маанисинде эгалитардуу (тең укуктуу).
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/d3/HumanRightsLogo.svg/220px-HumanRightsLogo.svg.png)
Фундаметалдык укуктар жеке адамдын укуктук статусунун негизин түзөт. Ар кандай мамлекеттердин жана өлкөлөрдүн позитивдүү мыйзамдарында да, ар кандай эл аралык укуктук келишимдерде да бул укуктардын конкреттүү чагылдырылышы жана көлөмү ар кандай болушу мүмкүн. Эл аралык коомдук укукта аларды бекиткен эң белгилүү документ БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясы болуп саналат. ЕККУга мүчө мамлекеттерде адам укуктары, негизги эркиндиктер, демократия жана мыйзам үстөмдүгү маселелери эл аралык мүнөзгө ээ жана тиешелүү мамлекеттин ички иштерине гана тиешелүү эмес[4].
Адам укуктары боюнча кыймылды жандандырган негизги идеялардын көбү Экинчи Дүйнөлүк Согуштан жана Холокост окуяларынан кийин иштелип чыгып[5],1948-жылы Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун Баш Ассамблеясы тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алуу менен аяктаган.
Байыркы элдердин универсалдык адам укуктары жөнүндөгү түшүнүгү заманбап түшүнүктөн айырмаланы келген. Адам укуктары боюнча дискурстун чыныгы баштоочусу Европалык агартуу доорунда көрүнүктүү болуп калган орто кылымдардагы табигый укук салтынын бир бөлүгү катары пайда болгон жана Америка революциясынын жана Француз революциясынын саясий дискурстарында көрүнүктүү орун алган табигый укуктар концепциясы болгон[5]. Ушул негиздерден улам, 20-кылымдын экинчи жарымында адам укуктары боюнча заманбап аргументтер, балким, кулчулукка, кыйноого, геноцидге жана согуш кылмыштарына реакция катары, адамдын мүнөздүү алсыздыгын түшүнүү жана адилеттүү коомдун мүмкүнчүлүктөрүнүн өбөлгөлөрү катары пайда болгон[6]. Адам укуктарынын адвокациясы 21-кылымда уланып, экономикалык жана саясий жаатта көбүрөөк эркиндикке жетишүүгө багытталган[6].
Адам укуктарынын эркин жана натыйжалуу жүзөгө ашырылышы – жарандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негизги белгилеринин бири. Жалпыга таанылган бөлүнүшкө ылайык Адам укуктары жеке (эл аралык аталгы таанууда – жарандык укуктар), саясий, социалдык, экономикалык, маданий, экологиялык укуктар болуп айырмаланат.