Евро
From Wikipedia, the free encyclopedia
Евро — Европа союзуна (ЕC) мүчө мамлекеттердин бирдиктүү валютасы. 2007-жылдын 1-январына карата Экономика жана валюта союзунун (ЭВC) мүчөлөрүнүн – 13 мамлекеттин (Австрия, Бельгия, Германия, Грекия, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерланд, Португалия) жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты. Ар бир мамлекет еврого өтүүдө бирдей критерийге жооп берүүгө‚ башкача айтканда инфляциянын деңгээли 2‚6%тен‚ мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3%тен‚ ал эми жалпы мамлекеттик карыз ички дүң продуктунун (ИДП) 60%инен ашпоого тийиш. Проценттик ставканын жана валюта курсунун мүмкүн болуучу олку-солкулук чеги да белгиленген. Европа борбордук банкы 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500 Е. жана 1, 2, 5, 10 цент тыйынын 1, 2 евро тыйынын чыгарат. Банкноттор жана тыйындар ЭВС катышуучулары болгон өлкөлөрдө чыгарылат. Бирдиктүү валютаны киргизүүнүн шарттары ЭВCке мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жакындатууга шарт түзөт. Евро Кыргызстанда да колдонулат.
Евро | ||
---|---|---|
| ||
Коддор жана белгилер | ||
ISO 4217 коддору | EUR | |
Курстар 27 февраль 2011-жылга көрсөтүлгөн | ||
1 KGS | = 0,7233 EUR | |
1 EUR | = 0,2499 EUR | |
1 GBP | = 1,1677 EUR | |
1 JPY | = 0,01524 EUR | |
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | ||