Украинанын түштүк-чыгышындагы облусу From Wikipedia, the free encyclopedia
Запорожье облусу (укр. Запорізька область) — Украинанын административдик-аймактык бирдиги, өлкөнүн түштүгүндө, Днепрдин төмөнкү агымында жайгашкан.
Батышта Херсон облусу, түндүгүндө Днепропетровск облусу, чыгышында Донецк облусу менен чектешет, түштүгүндө Азов деңизи менен жуулат.
Облустун аянты 27,1 миң км² (Украинада 9-орун), 2022-жылдын башына карата калкынын саны 1,6 миллион адамга (7-орун) бааланган. Акимий борбору жана ири шаары — Запорожье, башка ири шаарлары — Мелитополь, Бердянск, Энергодар, Токмак.
Облус 1939-жылы Украина ССРинин Днепропетровск облусунан бөлүнүшү менен түзүлгөн. 1944-жылы батыш бөлүгү облустан бөлүнүп, Херсон облусуна айланган.
2022-жылы Орусиянын Украинага басып киришинин натыйжасында облус жарым-жартылай орус баскынчылыгында калган. 2022-жылдын 30-сентябрында Орусия облустун аннексияланганын жарыялаган[2].
Кээде бүт аймак туура эмес Запорожье деп аталат, бирок тарыхый жактан бул аталыш Запорожье облусунун түндүгүндө, азыркы Днепропетровск облусунун аймагындагы аймакка берилген.
Запорожье облусунун акимий борбору — Запорожье шаары.
2020-жылдын 17-июлунда облустун жаңы 5 районго бөлүнүшү кабыл алынган[3][4]:
№ | Району | Калкы
(миң адам) |
Аянты
(км²) |
Акимий борбору |
---|---|---|---|---|
1 | Бердянск району | 183,9 | 4 469 | Бердянск ш. |
2 | Васильевка району | 188,7 | 4 293 | Васильевка ш. |
3 | Запорожье району | 874,2 | 4 693 | Запорожье ш. |
4 | Мелитополь району | 286,6 | 7 008 | Мелитополь ш. |
5 | Пологи району | 172,5 | 6 771 | Пологи ш. |
Райондор өз кезегинде шаардык, поселкалык жана айылдык бириккен аймактык жамааттарга бөлүнөт (укр. об'єднана територіальна громада).
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.