![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/60/Los_Angeles_Nighttime_Griffith_Observatory.jpg/640px-Los_Angeles_Nighttime_Griffith_Observatory.jpg&w=640&q=50)
Лос-Анжелес
From Wikipedia, the free encyclopedia
Лос-Анжелес шаары (англ. Los-Angeles, LA) — АКШнын түштүгүндөгү ири порт шаар (жылына 25 млн т жүк ташылат). Калифорния штатынынын Тынч океандын жээгинде жайгашкан.
Отурукташкан жай
Лос Анжелес ![]()
Викиказына түрмөгүндө: Лос Анжелес |
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/89/Los_Angeles%2C_Winter_2016.jpg/640px-Los_Angeles%2C_Winter_2016.jpg)
Калкы 3,9 млн (2010; Чоң Анжелестики шаар айланасы менен 13 млн). Шаар түндүктөн түштүктү карай 80 кмге созулуп жатат. Эл аралык аэропорту бар. АКШнын батышындагы башкы экономикалык борбор. Авиа-космос, радиоэлектроника, машина куруу, аскер, химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан нефть казылып алынат. Кино өнөр жайынын жана видео бизнестин (Голливуд) башкы жана илимий-изилдөөнүн ири борбору. Үч университет (анын ичинде Түштүк Калифорния), музейлер (анын ичинде Лос-Анжелес графтыгынын табигый тарыхы жана искусствосу жана башка) бар. Шаарды суу менен камсыз кылуу үчүн Оуэн көлүнөн жана Колорадо дарыясынан суу алынат. Лос-Анжелесте X, XXIII олимпиа оюндары (1932, 1984) өткөрүлгөн. Шаардын четинде деңиздик климаттык курорт жайгашкан. 1781-ж. испандар тарабынан негизделген. 1848-ж. чейин Мексиканын курамында болгон. Туризм өнүккөн.