Пневмония
From Wikipedia, the free encyclopedia
Пневмония (бай.-грек. πνευμονία — «өпкөнүн оорусу», бай.-грек. πνεύμων — «өпкө[1]”), өпкөнүн сезгениши – өпкөнүн инфекция пайда кылуучу өз алдынча же башка дарттардын кабылдоосу катары пайда болуучу оорусу. Аны бактерия (пневмококк, стрептококк, стафилококк) жана вирустар (аденовирус, грипп) козгойт. Алар көбүнчө дем алуу жолдору, кээде лимфа жана кан тамырлар аркылуу кирет. Пневмониядагы сезгенүү процесси бронхиолаларда, альвеолаларда, аралык тутумдаштыргыч ткандарда жайлашып, өпкөнүн кан тамыр системасына да таасирин тийгизиши мүмкүн[2].
Пневмониянын негизги клиникалык белгилери – бул дене табынын жогорулашы жана организмдин уулануусу, объективдүү жана рентгенологиялык изилдөө менен аныкталган өпкөнүн ички альвеолярдык экссудациясы бар, дем алуу органдарынын очоктуу жабыркашы менен мүнөздөлүүчү курч инфекциялык оору[3].