Түштүк Азия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Түштүк Азия - Азиядагы табигый аймак.
Индстан жарым аралын (ага жакын жаткан аралдары менен кошо), Инд-Ганг түздүгүн жана аны курчаган тоолорду (Гималай, Гиндикуштун түштүк капталдарын, Иран тайпак тоосунун түштүк-чыгыш четин) камтыйт. Аянты 4,5 млн км2. Тропик токою, саванна өсөт; батышында чөлдүү аймактар бар. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн. Түштүк Азиянын аймагында Индия, Пакистан, Бангладеш, Непал, Бутан, Мальдив, Шри-Ланка мамлекеттери жайгашкан. Кээде Түштүк Азиянын курамына Түштүк-Чыгыш Азияны да кошушат.