Пакистан
From Wikipedia, the free encyclopedia
Пакистан (урду پاکِستان; англ. Pakistan), толук аталышы — Пакистан Ислам Республикасы (урду اسلامی جمہوریہ پاکِستان; англ. Islamic Republic of Pakistan) – Түштүк Азиядагы мамлекет. Түштүк-батышынан Иран, батышынан, түндүк-батышынан Ооганстан, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Индия менен чектешет. Түштүгүн Араб деңизи чулгайт. Аянты 796 миң км2 (айрым маалыматтарда 803,94 миң). Калкы 230 млн (2023; калкынын саны боюнча дүйнөдө 5-орунда). Борбору – Исламабад шаары Административдик-аймактык жактан 4 провинцияга, 2 Кашмирге, борбордук федерацияга жана федерация тарабынан башкарылуучу уруу аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – пакистан рупиясы.
Пакистан Ислам Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «ایمان، اتحاد، نظم» «Ыйман, Ынтымак, Тартип» | |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Ачык жашыл түс Индиянын аймагын көрсөтүп турат, Пакистан көзөмөлдөбөйт, бирок ал өзүнүн аймагы деп эсептейт
| |||||
Расмий тилдери | урдуча (мамлекеттик) англисче (ырасмый) | ||||
Борбор шаары | Исламабад | ||||
Ири шаарлар | Карачи, Лахор, Фейсалабад | ||||
Башкаруу формасы | Парламенттик республика | ||||
Президенти Премьер-министри | Ариф Алви Шахбаз Шариф | ||||
Аянты • Жалпы | 34 - дүйнөдө 803 940 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2017) • Жыштыгы | ↗ 221 180 890 | ||||
ISO коду | PK | ||||
ЭОК коду | PAK |
Пакистан – Бириккен Улуттар Уюмунун (1947), Эл аралык өзөктүк энергетикасы боюнча агенттиктин (1957), Эл аралык валюта фондунун (1950), Бүткүл дүйнөлүк Соода уюмунун (1995), Интерпол (1952) ж. б. уюмдардын мүчөсү.