From Wikipedia, the free encyclopedia
Кук аралдары (англ. Cook Islands) — Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү архипелаг. Полинезияда. Жаңы Зеландия менен эркин ассоциациядагы «өзүн-өзү башкарган аймак». Архипелаг 15 аралды камтып, эки топко (Түштүк жана Түндүк) бөлүнөт. Ири аралдары: Раротонга, Мангаиа, Пенрин, Ракаханга, Манихики, Дейнжер, Суворов ж. б. жанар тоонун аракетинен пайда болуп, бийиктиги 652 м.
Кук аралдары | |||||
| |||||
Гимн: «Te Atua Mou E» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 4-август 1965-жыл
( Жаңы Зеландия менен эркин ассоциация) | ||||
Расмий тили | кук тили, англис тили | ||||
Борбор шаары | Аваруа | ||||
Ири шаарлар | |||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||
Падыша Падышанын өкүлү Премьер-министр | Чарльз III Том Марстерс Марк Браун | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 215-орун - дүйнөдө 236,7 км² 0 | ||||
Калкы • Бааланган (2021) • Жыштыгы | 15,040 адам (223-орун) 63,3 ад./км² | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
384 млн $ 21,994 $ | ||||
Акча бирдиги | Жаңы Зеландия доллары, Кук аралдарынын доллары | ||||
Домени | .ck | ||||
ISO коду | CK | ||||
ЭОК коду | COK | ||||
Телефон коду | +682 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC -10:00 |
Аянты 236,7 км2. Калкы 19,8 миң (2009); негизинен полинезиялыктар жана маорилер жашайт. Расмий тили — кук (аралда жашаган маорилердин тили) жана англис тилдери. администрациялык борбору — Аваруа (калкы 12,9 миң; Раротонга аралында). Акча бирдиги — Жаңы Зеландия доллары. Аралдын башчысы — Улуу Британия королевасы. Аралда Жаңы Зеландия өкмөтүнүн өкүлү да бар. Мыйзам чыгаруучу органы — парламент (Өкүлдөр палатасы).
Архипелагды азыркы аталышы менен XIX кылымда орус деңиз саякатчысы Иван Крузенштерн англис саякатчысы Жеймс Куктун урматынан атаган. 1773-1775-жылдары бул аралдарга келген Жеймс Кук өзү Херви аралдары (англ. Hervey Islands) деп атаган.
Аралга VI кылымдын башында полинезиялыктар отурукташа баштаган. Алгач аралды ачкандардын арасында орус деңиз сүзүүчүлөрү да болгон. Алар архипелагдагы бир атоллго Суворовдун ысымын ыйгарышкан. 1888-жылдан Улуу Британия протектораты. 1901-жылы Кук аралдары Жаңы Зеландияга кошулуп, 1965-жылы өз ыктыяры менен Жаңы Зеландияга бириккен. 1971-жылдан арал өз алдынча эл аралык укукка ээ субъект катары Тынч океан аралдары форумуна мүчө. 1974-жылы Жаңы Зеландияда Кук аралынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү ачылып, ал 1985-жылы элчилик болгон. 1987-жылы аралдын өкмөтүнө бейтараптыкты сактоо милдеттендирилген. Кук аралы БУУга мүчө болбогону менен анын атайын уюмдарына кирет.
Кук аралдары мамлекети Тынч океанынынын Полинезия аймагында экватор менен түштүк тропиктин ортосунда жайгашкан. Жалпы аянты 2,2 миллион км², 15 аралдардан жана атоллдордон турат. Кургактыгынын жалпы аянты 236,7 км²[1].
Эң түндүгүнөн (Пенрин атоллу же Тонгарева) эң түштүккү аралына (Мангая аралы) чейинки аралык болжол менен 1400 км түзөт.
№ | Арал | Административдик борбору | Аянты,
км² |
Калкы,
адам[2] (1.12.1996) |
Калкы,
адам[2] (1.12.2001) |
Калкы,
адам[2] (1.12.2006) |
Калкы,
адам[2] (1.12.2011) |
Калкы,
адам[3] (1.12.2016) |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Түштүк тобу | ||||||||
1 | Раротонга | Аваруа | 67,1 | 10 374 | 9 451 | 10 226 | 10 572 | 13 044 |
2 | Аитутаки | Арутанга | 18,3 | 2 272 | 1 743 | 1 975 | 1 771 | 1928 |
3 | Атиу | 26,9 | 942 | 600 | 558 | 468 | 437 | |
4 | Мангаиа | 51,8 | 1 083 | 739 | 631 | 562 | 499 | |
5 | Мануаэ | 6,2 | — | — | — | — | — | |
6 | Мауке | 18,4 | 643 | 469 | 372 | 300 | 297 | |
7 | Митиаро | 22,3 | 318 | 226 | 193 | 189 | 155 | |
8 | Такутеа | 1,2 | — | — | — | — | — | |
Түндүк тобу | ||||||||
9 | Манихики | 5,4 | 656 | 497 | 344 | 238 | 213 | |
10 | Нассау | 1,3 | 99 | 72 | 75 | 73 | 78 | |
11 | Палмерстон | 2,1 | 49 | 48 | 62 | 60 | 58 | |
12 | Пукапука | 1,3 | 778 | 662 | 507 | 451 | 444 | |
13 | Ракаханга | 4,1 | 249 | 158 | 127 | 77 | 80 | |
14 | Суворов | 0,4 | 4 | 1 | — | — | — | |
15 | Тонгарева | Омока | 9,8 | 604 | 351 | 254 | 213 | 226 |
Жалпы[4] | 236,7 | 18 071 | 15 017 | 15 324 | 14 974 | 17 459 |
Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. Жылдык орточо температурасы 24°Сден (түштүгүндө) 28°Сге чейин (түндүгүндө). Жылдык жаан-чачынын саны 2000 мм. Ноябрдан апрелге чейин тайфундар болуп турат. Өсүмдүктөрү адамдардын таасиринен өзгөргөн. Раротонга жана Мангаиа анда нымдуу дайыма жашыл тропик токойлору сакталган. Кокос пальмасы, цитрус өсүмдүктөрү, ананас, банан, жашылча ж. б.өстүрүлөт. Орнитофаунага бай. Аралда эндемик 4 куштун түрү мекендейт.
Кийим тигүү, мөмө-жемиш консервалары, аррорут (крахмал) даярдоо өндүрүшү иштейт. Белек-бечкектерди чыгарат. Кара бермет, ташбака чопкуту чогултулат. Балык кармалат. Мейманкана жана туризм окуу борбору, Түштүк Тынч океан университетинин филиалы (Раротонга аралында) бар. Туризм өнүккөн. Сырттан азык-түлүк, отун ж. б. алат. Башкы соода шериктештери: Жаңы Зеландия, Австралия, Япония.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.